Акбагышева

8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 25-февралда Т.Сатылганов атындагы филармонияда жылдагыдай эле Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева уюштурган чоң программадагы концерт болуп өттү. Аялдарды куттуктоо үчүн ал чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүн чакырган. Алсак, Кореянын, Франциянын, Индиянын, Сауд Арабиянын, Түркиянын, Япониянын, Өзбекстандын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилери, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү келип, Кыргызстан аялдарын 8-март майрамы менен куттукташты. Келген конокторду Бакыт Тилегенов жетектеген элдик оркестр коштоп, эл артисттери Роза Аманова, Керим Турапов, эмгек сиңирген артисттер Алтынай Нарбаева, эстрада жылдыздары Юлия Руцкая, Гүлжигит Калыков, Аскат Мусабеков, Нурайым Азыкбаева, опера ырчылары Үмүт Тилегенова, Чырмаш Төрөбеков, Тилек Найманбаев жана Бакыт Ыбыкеевдер ырдашты жана Бишкек хореографиялык окуу жайынын бийчилери бийлешти. Ал ортодо Замира Акбагышева бизнесте, социалдык өнүгүүдө, билим жана саламаттыкты сактоодо көрсөткөн ийгиликтери үчүн жетекчи айымдарга “Лидерлик үчүн” медалын тапшырды.

Аялдар Конгресси 1993-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ушул аралыкта 59 долбоорду ишке ашырган. Анын ичинде бардык облустарда иштеген бизнес инкубация боюнча 5 долбоорду айтса болот. Андан 187 адам окуп, өз бизнестерин баштап кетишкен. Аялдар конгресси буга чейин 15000дей адамды бизнестин негиздери, маалыматтык технология жана тилдер боюнча окутуп чыгарган.

Сымбат Максутова