ымыркай 15-октябрда Орусиянын Барнаул шаарында 5,7 килограмм салмактагы ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары төрөт үйүнүн башкы дарыгери Людмила Ананьинага шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Ымыркай кесарево жолу менен төрөлдү. Наристенин салмагы 5,7 килограммды, бою 63 сантиметрди түздү. Учурда эне менен баланын ден соолугу жакшы.

“Чоң салмактагы наристенин төрөлүшү сейрек кездешет. Төрөт үйүндө иштеп жүргөн тажрыйбамда буга чейин мындай баланын төрөлүшүнө күбө болгон эмесмин”,– дейт Людмила Ананьина. Ал белгилегендей, бул баланы төрөгөн аял көз жарыш үчүн Барнаулга Новоалтайскийден барган.

Булак: super.kg