Курманов

Өлкөбүз Евразиялык экономикалык союзга интеграциялануу алдында турат. Бул өлкөбүздүн жашоосунун бардык тармактарына жана чөйрөлөрүнө таасир этет. Дары-дармек менен камсыздоо абалы жана бул тармакка аталган биримдиктин таасири жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментинин башкы директору Рустам Курманов менен маектештик.

– Рустам Абдыкайыпович, быйыл 20-январда “2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо” улуттук стратегиясын сунуштоо учурунда Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тийиштүү министрликтин дарегине сын айтты. Аны менен катар дары-дармек каражаттары системасында тартипти чыңдоо маселесин да көтөрдү. Ошондон улам тармактагы көйгөйлөр, аларды чечүү боюнча аракеттер жөнүндө окурмандарга кеңири маалымат берүү үчүн сизге кайрылып олтурабыз.

– Азыр биз 2014-жылдагы ишибизди жыйынтыктоодобуз. Өткөн жылы өлкөбүздүн территориясына дүң берүүчүлөр тарабынан дээрлик 11 миллиард 429 миллион сомго фармацевтикалык продукция ташылып келди. Өзүбүздүн өндүрүшчүлөр өткөн жылдын 9 айында дээрлик 198 миллион 528 миң сомдук фармацевтикалык продукция чыгарган.

Буга кошумчалай кетсек, 2010-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта дары-дармек экспорту ар жылы орточо 17,7 пайызга өсүп турган. Буга аларды колдонуу эле эмес, калктын санынын өсүшү да таасир бергендигин эске алуу керек.

– Ошончо көлөмдөгү дары-дармектин сапатына көзөмөл кандай болууда?

– Департаменттин Борбордук жана Түштүк аймагы боюнча контролдук-аналитикалык лабораториялары 2014-жылдын февралында ИСО/МЭКтин 17025:2009 ГОСТуна ылайык аккредитациядан өткөн.

Борбордук дары-дармектерди сертификациялоо органы тарабынан өткөн жылы 31 625 аталыштагы фармацевтикалык продукцияга ылайыктуулук сертификаттары берилген. Анын ичинен дары каражаттары (ДК) 22 158, медициналык багыттагы буюмдар (МББ) – 8672, биологиялык активдүү кошумчалар (БАК) – 570, ветеринардык препараттар – 70, иммунобиологиялык препараттар – 155. Алардын ичинен лабораториялык сыноолорду өткөрүү менен 10 921 аталыштагы, таануу процедурасын колдонуу менен – 20 704 аталыштагы фармацевтикалык продукция сертификатталган. Дээрлик 15 миллион 900 миң сом суммадагы 47 аталыштагы ДКларга сертификаттар берилүүдөн баш тартылган. Жокко чыгарылган дары каражаттарынын тизмеси биздин департаменттин сайтында жайгаштырылган.

2014-жылы сертификациялоо боюнча орган өзүнүн аккредиттөө тармагын дагы 6 позицияга кеңейткен.

Дары-дармектерди сертификациялоо органынын Ош шаарында жайгашкан Түштүк аймагы боюнча филиалы тарабынан 285 аталыштагы фармацевтикалык продукцияга ылайыктуулук сертификаттары берилген. Анын ичинен ДКлар – 260, МББлар – 25. Лабораториялык сыноо жүргүзүлүү менен 232 аталыштагы, таануу процедурасын колдонуу менен – 53 аталыштагы фармацевтикалык продукция сертификацияланган. Мындан тышкары, биздин департамент кайрымдуулук фонддорунун жана өкмөттүк эмес уюмдардын даректерине келген гуманитардык фармацевтикалык продукцияларды берүүлөргө да көзөмөл жүргүзөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын чечимдери боюнча, 2014-жылы дээрлик 1 миллиард 373 миллион сом суммадагы медициналык багыттагы гуманитардык жардамдарды ташып кирүүгө 200 уруксат берилген. Тармактагы адистер – медиктер жана фармакологдор бул иштин көлөмү канчалык экенин эң жакшы түшүнөт.

– Иштин сапатынан кеп салсак…

– Мындай ишмердүүлүк учурда мыйзамдык-укуктук камсыздоого ээ . “Дары-дармек каражаттары жөнүндө” мыйзамдын алкагында өлкөдө дары каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасы түзүлгөн. Ал өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:

  • фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо;
  • мамлекеттик каттоо;
  • ДКлардын жана МББлардын ылайыктуулугун баалоо жана тастыктоо;
  • фармацевтикалык инспекциялоо;
  • фармакологиялык көзөмөл.

 

Бизде ДКларды жана МББларды өндүрүү, даярдоо жана сатып өткөрүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиясы боюнча жүзөгө ашырылат. Учурда өлкөдө 2 860 фармацевтикалык уюм иштейт. Алардын ичинен 884 аптека, 1 248 аптекалык пункт, дарылоо-профилактыкалык уюмдардын 61 дарыканасы, 209 аптекалык күркө, 45 оптика дүкөнү, 21 МББ дүкөнү, ДКлардын 231 дүң кампасы жана МББлардын 122 кампасы, 39 фармацевтикалык өндүрүштүк уюмдар.

Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу жөнүндө сөз кылсак, ага активдүү өсүш жана сапаттык өзгөрүүлөр мүнөздүү. Акырындык менен рыноктун инфраструктурасы да өзгөрүүдө, көптөгөн дүң соода кылуучулар өздөрүнүн аптекалык тармактарын өнүктүрүшүүдө. Бул атаандаштыктан улам аягында келип, сапаттык өзгөрүүлөргө түрткү берүүдө. Ошол эле учурда азырынча алыскы жана бийик тоолуу айылдардын калкын дары-дармек менен камсыздоо көйгөйү чечилбей калууда. Алардагы калктын саны аз жана жеткирүү татаал болгондуктан, аптекаларды ачуу рентабелдүү эмес.

– Сапат жөнүндө сөз кылганда, дароо эле элде дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды чыгарган өлкөлөр боюнча пикир жаралат…

– Калкты сапаттуу фармацевтикалык продукциялар менен камсыздоо максатындагы чаралар бар. Рынокко чыгарылаардан мурда сырттан ташылып келгенде эле биздин департамент тарабынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт. Ылайыктуулукту баалоо формасы катарында каттоо стандартташтырылган. Каттоодогу экспертиза биздин департаменттин Фармакопеялык, Фармакологиялык комитеттери, Медициналык техника боюнча комитет жана лабораториясы тарабынан “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” жана “Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттерге ылайык жүргүзүлөт. 2015-жылдын 1-январына карата фармацевтикалык продукциянын 6 789 аталыштагысы катталган, анын ичинен дары каражаттары – 4 575 аталышта, медициналык багыттагы буюмдар – 2 214 аталыштагы. Жалпысынан катталуучу препараттардын динамикасы жыл сайын туруктуу бойдон калууда жана каттоого жылына 1 миңден ашуун билдирме түшөт. Медициналык практикада колдонулууга уруксат берилген ДКлардын жана МББлардын мамлекеттик реестри департаменттин расмий сайтында жайгаштырылгандыктан, аны менен каалаган адам каалаган учурда тааныша алат. Катталган фармацевтикалык продукциянын структурасына токтолсок, анын курамында Орусия менен Индиядан чыгарылгандар ар бири 15 пайыздан, 11 пайызы – ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүкү, 6 пайызы германиялык өндүрүшчүлөрдүкү.

– Ошентсе да биздин дарыканалардан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн чыгарылган дары-дармектерди кездештирүүгө болот…

– Жалпысынан өткөн жылы Кыргызстанга дүйнөнүн  57 өлкөсүнөн дары-дармек ташылып келген. Импорттун наркы боюнча алсак, эң чоң сумма орусиялык жана германиялык препараттарга (12 пайыздан) туура келет. Индия өндүрүшүнөн чыгарылган препараттардын импорттук көлөмдөгү нарктык үлүшү – 9 пайыз, Франция, Венгрия жана Словениядан чыгарылгандардын үлүшү – 5-6 пайыздан, Кытай менен Австрияныкы – 4 пайыздан.

Бирок, медициналык продукциянын көлөмү боюнча башкача көрүнүш. Мында орусиялык препараттар бардык импорттун 50 пайызын,  Индия – 8 пайызын, Кытай – 6 пайызын, Беларусия менен Германия – 5 пайыздан, Украина 4 пайызын түзгөн.

Өткөн жылдагы МББлардын импортуна келсек, алар дүйнөнүн 47 өлкөсүнөн алынып келген. Наркы боюнча медициналык багыттагы буюмдардын 23 пайызы – Кытайга, 14 пайызы – Орусияга, 13 пайызы – Японияга жана 11 пайызы – Германияга туура келет.

– Биздеги фармацевтика продукцияларынын ири импортчулары кайсы фирмалар?

– Учурда фармацевтика продукциясын ири алып келүүчүлөрү – “Неман Фарма”, “Эляй”, “ФармТрейд”, “ЮниХелп”, “Алкор Компани” жоопкерчилиги чектелген коомдору. Жалпысынан он ири ташып келүүчү компания бардык ташып келүүлөрдүн 45 пайызын жүзөгө ашырышат.

– Утурумдук ишмердүүлүктөн тышкары, бул секторду өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлгөн ири чараларга токтоло кетсеңиз…

– Артка кылчайсак, өлкөдөгү фармацевтика тармагынын динамикалык өсүшү Мамлекеттик дары-дармек саясатын (МДС) жүзөгө ашыруудан улам мүмкүн болду. Мисалы, ошол кездеги фармацевтикалык рынокто түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1998-жылы өлкөнүн биринчи МДСи бекитилген. Жана фармацевтика секторун жана дары каражаттарынын сапатына мамлекеттик көзөмөл системасын андан ары өнүктүрүү 1998-жылдагы, 2002-жылдагы жана 2007-жылдагы Улуттук дары-дармек саясаттарын (УДС) жүзөгө ашыруунун алкагында жүрдү. Биринчи УДСны жүзөгө ашыруу көрсөткөндөй, фармацевтика секторун өнүктүрүүдөгү ал кездеги башкы тоскоолдук продукция ташып келүүдөгү 20 пайыздык кошумча нарк салыгы (КНС),10 пайыздык бажы алымы жана элет жерлериндеги аптекалык тармактын өнүкпөгөндүгү болгон. Ошондуктан, экинчи УДСнын приоритеттери дары каражаттарынын калкка экономикалык жана түз жеткиликтүүлүк маселелерин чечүү болуп калды. 2003-жылы 1-январдан тарта Салык кодексинде дары каражаттарын керектөөнүн социалдык жагы эске алынганын жана КНС алынып салынганын, бажы алымы нөлдүк ставка менен коюлганын белгилеп кетүү керек. Натыйжада турмуштук зарыл фармацевтикалык продукциялардын калкка жеткиликтүүлүгү жогорулап, жүгүртүү каражаттарынын көбөйүшүнөн улам дары препараттары менен иш жүргүзгүн фирмалар ташып келүү көлөмүн жогорулаткан.

2007-жылдагы үчүнчү УДСнын приоритети – элет калкына дары-дармектин жеткиликтүүлүгү, фармацевттик рыноктун көлөмдөрүнүн жогорулатылышы, контрабанда менен күрөшүү, тармактагы маалыматтык системаларды түзүү болуп калды. Элеттеги майда чекене аптека тармагынын стандарттары кайра каралып, медициналык кызматкерлерге дары каражаттарын сатууга жана айылдарда аптекалык пункттарды уюштурууга жол берилди. 2014-жылы 7 жылдык жүзөгө ашырылуу планы менен жаңы стратегиялык документ – 2014- 2020-жылдарга Кыргыз Республикасында дары каражаттарынын жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты. Программа өлкөбүздүн жарандарын дары-дармек менен камсыздоо боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн чечүүгө багытталган. Мисалы, дары каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу маселелерин чечүү, мыйзамдарды жана секторду жөнгө салуу системасын өркүндөтүү сыяктуу маанилүү милдеттерден башка да программага төмөнкүдөй маселелер киргизилген:

  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин МДСны координациялоодогу жана ДКларды жүгүртүүнү башкаруудагы жоопкерчилигин жана ролун жогорулатуу;
  • Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде ДКларды жана МББларды сатып алуунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;
  • Натыйжалуу баа саясатын иштеп чыгуу;
  • Кызыкдар мамлекеттик структуралардын ДКлардын жана МББлардын легалдуу эмес рыногу менен күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүн координациялоону камсыз кылуу;
  • Талаптагыдай фармацевтикалык практикалардын эрежелерин этап-этабы менен киргизүү;
  • Бирдиктүү маалыматтык система түзүү аркылуу ДКлардын жана МББлардын жүгүртүлүү чөйрөлөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуу жана жөнгө салуу.

– Алдыда Евразиялык экономикалык биримдикке киргени турабыз. Көпчүлүктү кызыктырганы жана кооптондурганы – бул уюмга киргенден кийинки баалардын кескин жогорулашы. Мында дары-дармектердин негизги керектөөчүсү – карапайым калкка оорчулук келип калбайбы?

– Бул боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп келген жана көрүлүп жатат. 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз (ЕАЭС) жөнүндө келишимде ага мүчө мамлекеттер союздун алкагында үндөштүрүү жана унификациялоо принциптерине негизделген талаптагыдай фармацевтикалык практикалардын стандарттарына дал келүүчү дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзөөрү көрсөтүлгөн. Азыркы учурда ЕАЭСтин келишимдик укугу менен андан ары үндөштүрүү үчүн мыйзамдардын анализи жүргүзүлүүдө. ЕАЭСтин сыноочу лабораторияларынын бирдиктүү реестрине киргизүү максатында ИСО 17025:2012 ГОСТуна ылайык, биздин департаменттин лабораториялык сыноо базасын кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Ал үчүн “пирогендүүлүк” жана “токсиндүүлүк” көрсөткүчтөрү боюнча сыноолорду жүргүзүү үчүн лабораторияны жана виварийди медициналык багыттагы сыноолор боюнча жабдуу үчүн жабдууларды мамлекеттик сатып алуулар процедурасы башталды. Кыргызстан ЕАЭСке киргенде биздин өлкөгө үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келүүчү ДКларга жана МББларга баалардын деңгээлин сактоо үчүн департамент тарабынан Экономика министрлиги жана бизнес шериктештик менен бирдикте “Аларга карата Бажы союзунун бирдиктүү бажы тарифтери менен белгиленген ставкалардан айырмаланган ташып кирүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонуу сунуш кылынган ДКлардын жана МББлардын товардык позицияларынын тизмеси” иштелип чыккан.

Жыйынтыктап айтканда, биздин департамент тарабынан өлкөдөгү ДКлардын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна карата мамлекеттик көзөмөлдү уюштуруу боюнча чоң иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилөөгө болот. Кыргызстанда фармацевтика секторун өнүктүрүүдө абдан жакшы өсүш байкалууда. ДКлардын жеткиликтүүлүгү жана рационалдуу пайдалануу маселелери ийгиликтүү алдыга жылдырылып, контрабандалык жана жасалма ДКлардын жайылтылышына бөгөт коюлууда. Эң негизгиси, ишкерлер менен жөнгө салуучулар ортосунда оптималдуу тең салмактуулукка жетиштики. Албетте, бул – биздин департаменттин адистеринин, жетекчилеринин жана жалпы эле жамааттын аракеттеринин натыйжасы.

Ишибиздин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн департаменттин веб-сайтында ДКлардын жүгүртүлүшү боюнча нормативдик-укуктук актылар, жарыя талкуулоо үчүн нормативдик-укуктук актылардын долбоорлору, жокко чыгарылган ДКлар жөнүндө маалымат, департамент тарабынан жүргүзүлүп жаткан экспертизалардын прейскуранты, жаңылыктар ж.б. жайгаштырылган.

Динар Турдугулова