ВУЗы россии1

2015-2016-окуу жылында  Россия Федерациясы  өз ЖОЖдорунан кыргызстандыктар үчүн 445 бюджеттик орун бөлөт. Бул маселе  Билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулованын катышуусунда  Россиянын Кыргызстандагы элчилигинде өткөн жолугушууда белгилүү болду.   Атайын тандоодон өткөн  кыргызстандыктар Россия  ЖОЖдорунда  жогорку жана кошумча  адистик алуу программаларында  акысыз билим алышат.   Талапкерлерди тандоо окуу программаларынын  алкагында тестирлөөнүн  жана аңгемелешүүнүн  жыйынтыктары  боюнча жүргүзүлөт жана буга чейинки окууда жетишкендиктерин күбөлөгөн  документтер да эске алынат. Россия  ЖОЖдоруна талапкерлерди тандоо ушул жылдын 25-февралына чейин  аяктоого тийиш.

Бегим ТУРДАЛИЕВА