777

Билим берүү тармагындагы реформаларга коомдук көзөмөлдү жана анын ачыктыгын  күчөтүү максатында  Европа биримдиги  каражат бөлөт. Тактап айтканда,  Евробиримдик өлкөбүздөгү  билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды колдоо үчүн жаңы долбоор баштамакчы. Долбоордун наркы 635 миң евро турат. Анын 500 миңин  ЕБ каржылайт.  Бул туурасында Евробиримдиктин делегация башчысы  журналисттерге билдирди.

Жалпысынан  өлкөбүздүн билим берүү тармагын колдоо үчүн  ЕБ тарабынан 2015-жылга 72 млн. евро каралган.  Аденауэр фондусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Томас Кунценин айтымында,   билим берүү системасындагы   реформаларга  жардам көрсөтүүгө багытталган долбоор аталган фонд менен бирдикте ишке киргизилет.

Бегим ТУРДАЛИЕВА