1-1

Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу православие динин туткан Кыргызстандын жарандары!

Сиздерди жаркыраган кубанычтуу майрамыңыздар – Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм!

Ушул күнү, урматтуу мекендештерим, эң жакын адамдарыңар сиздердин жаныңарда болушун каалайм. Үйүңөр кубанычка, жылуулукка толсун. Ушул майрам ар дайым дилиңерге жарык чачып, терең ишенимге жол ачып, жакшылыкка бөлөсүн.

Жаңы 2015-жыл бардык кыргызстандыктарга эң жакшы кабарларды, ал эми өлкөбүзгө ынтымак жана гүлдөп өнүгүү алып келсин!

Сиздерге, туугандарыңарга, жакындарыңарга чың ден соолук, аманчылык жана бакыт-таалай каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек АТАМБАЕВ