1-1

Урматтуу мекендештер!

1989-жылдын 15-февралында афган-советтик чек арасын акыркы аскер колоннасы кесип өтүп, Афганистандан советтик аскерлерди чыгарып кетүү иши аяктаган. Интернационалдык милдетин аткаргандардын арасында миңдеген кыргызстандыктар дагы бар эле.

Бүгүн биз жоокерлерге жана сержанттарга, офицерлерге жана дарыгерлерге, кайраттуулук, каармандык  менен аскердик милдетин татыктуу аткарган бардык мекендештерибизге терең урмат көрсөтөбүз. Өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы Мекен алдындагы милдетин аткаргандарга  таазим этебиз. Сиздерге түбөлүк даңк! Ошол согуштан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрү, туугандары жана жакындары менен оор жоготуусун тең бөлүшөбүз. Каарман мекендештерибиздин элеси жүрөгүбүздө  түбөлүккө сакталат!

Өткөн жылдарда – эркиндикке жана эгемендикке умтулган жылдары биз – Кыргызстан эли көптөгөн сыноолордон өттүк. Тынчтыктын жана туруктуулуктун чыныгы баасын билдик. Эл аралык терроризм, сепаратизм жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу канчалык коркунучтуу экендигин өз башыбыздан өткөрдүк. Мекенибиздин башына мүшкүл иш түшкөн жооптуу учурларда жоокер-афганчылар биринчи болуп жардамга келип жатышты.

Урматтуу жоокер-интернационалчылар!

Сиздердин турмуштук тажрыйбаңыздар азыр дагы Куралдуу Күчтөргө, укук коргоо органдарына, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишине керек. Сиздердин баатырдыгыңыздар жана каармандыгыңыздар Кыргызстанды коргоочулардын азыркы муундары үчүн элге, Мекенге кызмат кылуунун жана аскердик антты бек сактоонун мыкты үлгүсү катары кызмат өтөйт.

Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктайм. Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ачык асман каалайм. Мекенибиздин жаркын келечегине багытталган эмгегиңиздер үзүрлүү болсун!

Кыргыз Республикасынын  

Президенти  Алмазбек АТАМБАЕВ