Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей бүгүн, 2014-жылдын 31-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Бөкөнбай Казаковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысын мамлекеттик жана укук коргоо түзүмдөрүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле мамлекеттин катыштыгы бар уюмдарда жана ишканаларда коррупциялык кылмыштарды   аныктоо жана териштирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалымдады.

Ошондой эле Бөкөнбай Казаков Кыргыз Республикасынын УКМК Антикоррупциялык кызматы 2014-жылдын 9 айында 260 кылмыш иши козголгондугун, алардын ичинен 123 сотко жөнөтүлгөнүн, сот органдары 59 кылмыш иши боюнча чечим чыгарып, 54 адам сот жообуна тартылганын айтты.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору үстүбүздөгү жылы оперативдүү материалдардын жана кылмыш иштерин териштирүүнүн алкагында мамлекеттин бюджетине 320,6 млн. сом кайтарылгандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн маанисин белгилеп, биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун маанилүү системаларында коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча ишмердикти мындан ары активдештирүү жана күчөтүү зарылчылыгын баса белгиледи.