бий тобу1- бий тобу-

2014-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Тумар» белгилүү бий тобунун катышуучулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы «Тумар» бий тобунун чыгармачылыгы – кайраттуулуктун жана эрктүүлүктүн мыкты үлгүсү экендигин белгиледи. Курамында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Самыйбек кызы Адина, Талайбек уулу Эрдика, Карабек уулу Талгат болуп, Тимур Сыдыков менен Эрмек Кадыров жетектеген жамаат  бир топ жылдан бери эл аралык конкурстарда жана мелдештерде ийгиликтүү өнөр тартуулап келет.

“Силер менин жана бардык кыргызстандыктардын демине дем кошосуздар. Кыйынчылыктарга моюн сунбай, турмуш сыноолоруна туруштук берген кайратыңар менен сыймыктанам,-деди Алмазбек Атамбаев бий коллективинин катышуучуларына, – Алдыга бийик максат коюп, чымырканып, талыкпай эмгектенсе жогорку бийиктиктерди багындырууга болоорун силер өз жетишкендигиңер менен далилдей алдыңар. Биз бардыгыбыз силердин ушул сапатыңарды үйрөнүшүбүз керек”.

Мамлекет башчысы «Тумар» бий тобунун катышуучуларына алардын ишмердигин колдоого алууга багытталган транспорттук каражат сатып алууга сертификат тапшырып, мындан ары дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалады, келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.