гасанов2- гасанов1-

Бүгүн, 2015-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаев өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Рамиль Гасановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн ортосунда маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда кызматташууга, ошондой эле ТМКК катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосунда мындан аркы өз ара аракеттенишүү перспективаларына тиешелүү маселелер талкууланды.

Тактап айтканда, Мамлекет башчысы ТМКК Башкы катчысы менен үстүбүздөгү жылы Казакстан Республикасында өткөрүлө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V Саммитине даярдыктын жүрүшүн талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев ТМКК мүчө-мамлекеттеринин ортосунда саясый диалогду жана маданий карым-катнашты мындан ары активдештирүүнүн маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө кошумча дем берип жаткан ТМКК Аксакалдар кеңешинин жемиштүү ишин белгилеп, штаб квартирасын Бишкекке жайгаштыруу менен Көчмөндөр маданиятынын борборун түзүү тууралуу идеяга токтолду.

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров дагы катышты.