Минниханов м-н жолугушуу1 минниханов менен жолугушуу1

2015-жылдын 3-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө жумушчу иш сапар менен келген  Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелери, ошондой эле  эки тараптуу өз ара кызматташуунун мындан аркы перспективалары  талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы маданий-тарыхий байланыштарды  жана кыргыз-татарстандык кызматташуунун пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп келип,  Кыргызстандын Евразия экономикалык союзга кошулуусу  түрдүү тармактарда эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кеңири жол ачаарына ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан башкы стратегиялык өнөктөшү Россия менен, анын ичинде субьектилери менен карым-катнашты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгилеп өттү. Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы  бул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-татарстандык бизнес-форумдун маанисин баса белгиледи.

Өз кезегинде Татарстандын Президенти  Рустам Минниханов кыргыз-татарстандык байланыштарды күчөтүү зарылчылыгын баса белгиледи. “Акыры кереметтүү, берекелүү  ушул жерге келгенибизге абдан кубанычтабыз”,- деди ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктуу болгондугуна токтолуп. “Чындыгында биз азыр эле  көптөгөн биргелешкен кызыкчылыктарды таап жатабыз”,- деди Татарстандын Президенти.

Жолугушууга ошондой эле Россия Федерациясынын федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов, Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин статс-катчысы-орун басары Григорий Карасин, Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары-өнөр жай жана соода министри Равиль Зарипов, Татарстан Республикасынын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сергей Иванов жана «КАМАЗ» ААК башкы директору Сергей Когогин дагы катышышты.