2014-жылдын 30-октябрында россиялык тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун азыркы абалы жана перспективасы, интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу менен бирге Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнү колдоо боюнча капиталы 1 млрд. АКШ доллар болгон кыргыз-россиялык фонд түзүү тууралуу Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү, Кыргызстан менен Россиянын энергетика тармагындагы кызматташуусу талкууланып, Мамлекет башчысы эки тараптуу макулдашууларды аткаруунун жүрүшү менен жалпысынан канааттангандыгын, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн жана мамлекеттер ортосундагы достук маанайында өлкөгө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн россиялык тарапка ыраазычылыгын билдиргени тууралуу айтылат.