Си Цзиньпин1

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Чыгыш календары боюнча Жаңы жыл – Жаз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана өз ара урматтоонун калыптанган салттарына негизденген мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи. “Конструктивдүү саясый диалог жөнгө салынып, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка тармактарда байланыштар кеңейүүдө. Өлкөлөрүбүз регионалдык жана эл аралык форматтарда кызматташууда”,- деп белгиленет телеграммада.

“2014-жылдын май айында Шанхайда жана сентябрь айында Душанбедеги жолугушууларыбыздын жүрүшүндө өз ара ишенимдин жана колдоонун жогорку деңгээли толугу менен ырасталды. Уфада өтө турган ШКУнун Саммитинин алкагында  Сиз менен маңыздуу сүйлөшүүлөрдү улантам деп болжолдоп турам”,- деп белгиленет Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.

Мамлекет башчысы кыргыз-кытайлык бардык байланыштарды чыныгы стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында мындан ары тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына төп келээрине ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги  Кытай элине тынччылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.