малабаев1

Бүгүн, 2015-жылдын 6-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев «Кыргызстан – Кытай» темир жолунун курулушу долбоорунун түрдүү варианттарын талкуулашты.

Мамлекет башчысы бул долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытай Эл Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берди.