Жумакадыров

Бүгүн, 2015-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаев өлкөнүнКоргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн мамлекеттик органдарында коррупцияга каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун ишмердиги туурасында маалымат берди.

Ошондой эле Темир Жумакадыров өлкөнүн коргоо саясатын жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу тармагындагы милдеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин пландары жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 2015-жылы өлкөнүн Коргоо кеңешинин жыйынында карала турган маселелерди дагы талкуулашты.