Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын Президенти Пранаб Мукерджини Республиканын күнү менен куттуктады
Бүгүн, 2015-жылдын 26-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджини улуттук майрамы – Республиканын күнү менен куттуктады.
“Кыргыз-индиялык мамилелеринин жана өз ара пайдалуу кызматташуунун жакшы динамикасын белгилөө менен, эки тараптуу өз ара кызматташууну мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигибизди ырастайм”, – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев Пранаб Мукерджиге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердикте ийгиликтерди, ал эми достошкон Индия элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Комментарий кошуу