2014-жылдын 7-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында БАЭнын Вице-президенти жана Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана укук коргоо чөйрөлөрүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз-эмират мамилелеринин тарыхындагы жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар экономиканын жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө зор дем берээрин бир пикирден белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактум жакын арада эки тараптуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти баштап, эмират тарап Кыргызстанга республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында жумушчу топту жиберет деп  макулдашышты.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун, биринчи кезекте инвестиция чөйрөсүндөгү, туризм, тоо кендерин иштетүү, энергетика, айыл чарбасы, транспорт логистикасы сыяктуу тармактардагы жогорку потенциалды баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактумду расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда сегиз макулдашууга кол коюлду:

– кош салыктан качуу, кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартууга жол бербөө жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстан менен БАЭ өкмөттөрүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстан менен БАЭ ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстан менен БАЭ өкмөттөрүнүн ортосунда экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстан менен БАЭ ички иштер министрликтеринин ортосунда коопсуздук жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө келишим;

– Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө келишим;

– Кыргызстан менен БАЭ ортосунда жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө келишим.