Атамбаев 2

Мамлекет башчынын сапары 2-декабрда Сауд Арабиясынан башталат. Анда президент Сауд Арабиясынын лидерлери, жогорку кызматтагы өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 4-декабрда ушундай эле расмий сапар Бириккен араб эмираттарына, ал эми 7-декабрда Катар мамлекетине болот. Расмий сапар учурунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка ар тараптуу кызматташтыктарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максат кылынган. Ошондой эле аба мейкиндигиндеги кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр, Кыргызстанды инвестициялык жана туристтик жактан Катар ишкерлерине таанытуу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Атамбаевдин Сауд Арабиясына, Бириккен Араб эмираттарына жана Катар мамлекетине сапары Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы расмий сапар.