Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тууралуу» (КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» мыйзамга) КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик Аппараттын басма сөз кызмат билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – жарандардын орун которуштуруу эркиндигин, жол кыймыл эрежелеринин коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле инсандын өмүрүн, ден-соолугун жана менчигин коргоо боюнча конституциялык укугун коргоону  күчөтүү болуп саналат.

Мыйзам жолду мыйзамсыз тосуу үчүн жоопкерчиликке тиешелүү Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик тууралуу Кодексинин жоболорун өркүндөтүүгө багытталган.

Алсак, мыйзамда эгерде бөгөт коюунун же кыймылды чектөөнүн узактыгы 24 сааттан ашса, автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жөө жүрүүчүлөрдүн, автомобиль жана башка транспорт каражаттарынын кыймылын чектөө, жол тилкесине чыгуу жана анда адамдардын болушу менен мыйзамсыз кара күч менен бөгөт коюу же чектөө, ошого тете мындай аракеттерге материалдык жана башка колдоо көрсөтүү максатында бөгөт коюлган (чектөө) жерге адамдарды, тамак-ашты жана жүктөрдү ташып келүү жолу менен кыймылды мындай бөгөт коюуга жана чектөөгө көмөктөшүү үчүн жеке жактарга администрациялык айып катары 3 миң сом, юридикалык жактарга  50 миң сом өлчөмүндө айып акы каралат.

Эгерде стратегиялык маанидеги автомобилдик жолду тосуу жана (же) тосмолоо курулмаларын, техниканы же башка буюмдарды орнотуу менен жасалса жеке жактарга администрациялык айып катары 5 миң сом,  юридикалык жактарга 70 миң сом өлчөмүндө айып акы, же  укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен беш суткага чейинки мөөнөттө администрациялык камоого алуу каралат.

Эгерде жогоруда аталган аракеттер олуттуу зыянга алып келсе, укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен отуз саатка коомдук иштерге тартууга же укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен беш суткалык мөөнөткө администрациялык камоого алуу каралат.

Жогоруда аталган аракеттерди уюштуруу  же жетектөө жеке жактарга 10 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 100 миң сом өлчөмүндө айып акы, укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен беш суткалык мөөнөткө администрациялык камакка алуу каралат.

Мындан тышкары кабыл алынган мыйзамда КР Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөр киргизилген. Ага ылайык автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу узактыгы 24 сааттан ашык болсо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралат. Мындай жагдайда жазалоо өлчөмү жана жазанын түрү  аракеттердин кесепеттерине (жабырлануучунун ден-соолугуна оор же анча оор эмес залал келтирүү же өлүмү, чоң өлчөмдө же өтө чоң өлчөмдө материалдык зыян келтирүү) жана кылмыш жасоо ыкмаларына жараша болот.

Мыйзам администрациялык жоопкерчиликке тартуу, анын ичинде бул категориядагы иштер боюнча сот актыларынын аткарылышынын жол-жобосун өркүндөтүүнү камтыйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет