Атамбаев

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отурумунда өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна байланышкан маанилүү маселелер боюнча Президент Алмазбек Атамбаев өз көз карашын ачык жана түз билдирди. Андыктан, ошондо айтылган айрым позициялар боюнча кыскача ой жүгүртүп өтүүнү туура көрдүк.

Шайлоону таза өткөрүүгө каражат табылат

Ушул жылдын 25-апрелинде өткөн отурумда шайлоо системасын өркүндөтүү тууралуу маанилүү маселени кароодо Улуттук кеңештин мүчөлөрү 2015-жылдагы шайлоолордо колдонуу үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултууну техникалык жактан камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн дарегине катуу сындарды айтышкан. Өкмөткө кырдаалды оңдоого кыска мөөнөт берилген, эми ошондон бери эмне иштер жасалгандыгын угуучу мезгил келип жетти, – деди А.Атамбаев.

Шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүү үчүн 2015-жылдын бюджетине зарыл өлчөмдөгү каржы каражаттары киргизилгенби? Шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүгө эмнелер тоскоолдук кылып жатат, кандай пикир келишпестиктер болууда? “2015-жылы парламентке болуучу шайлоолорго чейин шайлоо мыйзамдарына бардык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү аяктоону пландаганбыз. Бул кечиктирилбестен чечилүүгө тийиш. Шайлоо эрежелеринин алдын ала күн мурунтадан белгилүү болгону жакшы. Коом, саясий партиялар шайлоолор өтүүчү туруктуу эрежелердин кабыл алынышын күтүп жатат”-деп айтты. А.Атамбаев.

Ошондой эле 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн зарыл каражаттар табыла тургандыгын, бул үчүн Өкмөт эсептөөлөрдү жүргүзүшү жана көрсөтүшү керектигин, башка да булактарды издөөгө туура келип калаарын белгилеп, башкы максат – өлкөдө таза жана адилет шайлоолорду өткөрүү экендигин ачык белгиледи. Ошондой эле каржылоого канча каражат талап кылынса, баары табыла тургандыгын, каражат жок болуп жатат деп шылтоолоого болбой тургандыгын алдын ала эскертип өттү.

Улуттук азчылыктардын да кызыкчылыктары каралат

Президент А.Атамбаев жынысы жана улуттук азчылыктар боюнча квоталар сакталбай турган болсо, анда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолор жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруна вето коёрун ачык билдирди.

Андыктан, бул мыйзам долбоорун дагы толуктап, кайра карап чыгуу жана шашылбоо керектиги айкын болуп калды. Алдыда дагы жетиштүү убакыт бар. Себеби, бул келечектин мыйзамы. Ал алдыдагы шайлоодо эмес, а 2020-жылдагы шайлоолордо колдонулушу мүмкүн. Президенттин сөзү менен айтканда тобокелчиликке салууга укугубуз жок. Өлкө жаңы гана туруктуу өнүгүүгө багыт алып жатат. Андыктан, жаңычылдыктан коркпой, адилетсиздиктерге жол бербешибиз керек.

8 округга бөлүү элди сегизге бөлөт

Парламентте жогоруда сөз болуп өткөн конституциялык мыйзам долбоору түзөтүүлөрү менен биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык Жогорку Кеңешке шайлоолор боюнча бирдиктүү республикалык шайлоо округдарын сегиз округга бөлүү каралып жатат. Талкууланып жаткан түзөтүүлөр саясий партиялардын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесине көрсөтүүнүн жаңы эрежелерин жана парламентке өткөн саясий партиялардын алынган мандаттарды ички тизмесинде бөлүштүрүү тартибин да камтыйт. Бул жерде элде да, шайлоочуларда да 8 округга бөлүүлөр боюнча кооптонуулар болуп жаткандыгын да айта кеткенибиз туура болоор. Себеби, бул элди да сегизге бөлүп, ынтымак-ырашкерликке доо кетирбейби деген суроолор жаралбай койбойт. Жогоруда айтып өткөндөй, өлкөбүз тынч, туруктуу, өнүгүүгө бет алган кезде 8 округга бөлгөн шайлоодо дагы ыдырап бөлүнүп олтурсак, мамлекетибиздин келечеги кандай болот. Ошон үчүн “жети өлчөп, бир кесип”, бирдиктүү бир пикирге келгенден өтөөрү жок го деп ойлойбуз.

Кымбат болсо да электр жарыгы ар бир үйдө болсун

Президент А.Атамбаев энергетика чөйрөсүндө өзгөчө жаңыча мамиле жасоо керектигин, ага ылайык керектөөчүлөрдү өчүрүп салууга жана чектөөгө болбой тургандыгын, тескерисинче, электр энергиясынын зарыл көлөмүн жеткирүүнү камсыз кылуу абзелдигин бекеринен белгилеп олтурган жок. Себеби, экономиканын бардык тармактары электр энергиясыз иштей албайт. Анын жетишсиздиги өлкөнүн жалпы экономикалык абалына терс таасирин тийгизип, өсүү арымын басаңдатаары бышык.

Анын үстүнө айылдар жана шаарлар жарыгы жок калышына жол бербөө керек. “Электр энергиясы кымбат болсо болсун, бирок үйлөрдө жарык дайыма болушу керек”-деген Президенттин сөзүнө кошулбай коюуга да болбойт.

Ошондой эле мамлекет башчысы жарандарды арзан көмүр менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу керектигин да айтып өттү.

Жолу оңдолгондун иши да оңолот

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев да Өкмөт тарабынан 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жүзөгө ашырылышы тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө өлкөнүн тарыхында мынчалык көп сандагы жолдор салынбагандыгына өзгөчө басым жасап өттү. Алсак, Ош-Сары-Таш-Иркештам жана Карамык автожолунун курулушу аяктады. Түндүк-Түштүк стратегиялык альтернативалуу жолу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Тараз-Талас-Суусамыр жолдору курулууда. Бир нече айдан кийин Бишкек-Кара-Балта жана Маданият-Жалал-Абад жолдорунун курулуштары башталат. Айтор, бардык тартылган инвестициялардын жалпы суммасы 1 млрд. 500 млн. долларды түзөт.

Албетте, бул чоң курулуштардын башатында жана каржы маселелеринин чечилишинде Президент А.Атамбаев тураарын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Кыргызда “жолу оңдолгондун иши да оңолот” дегендей, Президенттин бул жол маселесине тыкыр мамиле жасап, дайыма катуу көзөмөлгө алып тургандыгынын акыбетинен улам ушундай жылыштар, өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын адилеттүүлүк үчүн айта кетүүбүз керек.

Улуттук долбоорлор ишке ашып жатат

2013-жылдын январынан тартып 2014-жылдын августуна чейин жалпы суммасы 11,6 млрд. долларды түзгөн 77 улуттук долбоорлордун ичинен 288 млн. доллар өлчөмүндөгү 11 долбоор турмушка ашырылды. Бул тууралуу Улуттук кеңештин отурумунда Премьер-министр Ж.Оторбаев билдирди.

Азыркы күндө жалпы өлчөмү 7,1 млрд. доллар турган 24 долбоордун иштери башталды. Ошондой эле жалпы суммасы 2,5 млрд. доллар болгон дагы 23 долбоорду аткаруу багытында иш-аракеттер жүрүп жатат. Эл аралык донордук коомчулук да Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын турмушка ашырууга 2 млрд. доллардан ашык каражат бөлүүгө даяр экендиктерин билдирип жатышат. Ошондуктан, Президент А.Атамбаевдин бул Улуттук кеңештин кийинки отурумунда инвестициялык климат маселесин кароо сунушун анын мүчөлөрү колдоого алышты.

Бажы биримдигине байланышкан бардык мыйзамдар кабыл алынат

2014-жылдын 10-декабрына чейин Бажы биримдигине кирүү боюнча документтердин бардык зарыл топтомун кабыл алышыбыз керек,-дейт Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Анын айтуусуна караганда, Бажы биримдигине кирүү боюнча даярдалып жаткан 112 мыйзам долбоорунун 16сы парламентке келип түшүп, анын 13ү биринчи окууда жактырылды. А жыл аягына чейин аз эле убакыт калды. Кабыл алынган мыйзамдардын баарын ратификациялоого жетишүү үчүн Өкмөт өз кезегинде мыйзам долбоорун даярдоону тездетиши жана парламентке берүүгө үлгүрүшү абзел. Бул учурдун эң бир кечиктирилгис талабы болуп саналат. Азыр Кыргызстан тең ата болуп сүйлөшүп жаткан кезде эртелеп Бажы биримдигине кирип алуубуз керектигин Президент А.Атамбаев да бекеринен айтып жаткан жери жок.

Айрым министрлер өздөрүн жарым кудайдай эле сезишет

Президенттин бул баасына кошулбай да коюуга болбойт. Анткени, өлкөнү өнүктүрүү маселесине чиновниктерге караганда элибиз көбүрөөк кабатыр болуп жаткандай туюлат. Буга бир мисал келтирип кетти. Өткөн жылы Кытай 30 млн. доллар өлчөмүндө грант бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирсе да Айыл чарба министрлиги бул жаатта бүгүнкү күнгө чейин кыймылдап да койгон жок. Канча убакыт бекерге кетти. Өз убагында алганда канчалаган каналдар казылып калат эле. “Ишке мындай мамиле жасаган болбойт. Премьер-министр ушундай жетекчилерден тезирээк арылышы керек”-деп ачык эле айтты Президент. Муну бардык министрлерге карата айтылган катуу эскертүү катары кабылдоо кажет.

Таалайбек Темиров