Премьер-министр Ж.Оторбаевдин Ысык-Көл облусуна болгон сапарынан фоторепортаж
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы талкалануу деңгээли жана анын масштабы, калыбына келтирүү-оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаратылыш кырсыгынан турак-жайлары жабыркаган айыл тургундары менен жолугушту.
Ошондой эле, аймактагы биометриялык маалыматтардын чогултулуу абалы менен таанышты.
Андан ары жергиликтүү тургундар менен Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Мамкурулуштун жетекчиси Турдубек Мамбетов жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар, аларды текшерүү иштери тууралуу маалымат берди.
Жергиликтүү тургундар тарабынан райондун аймагындагы жол маселеси, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматкерлердин эмгек акылары, жайыт маселеси, мугалимдердин эмгек акысы, электр энергиясына болгон баанын жогорулашы сыяктуу маселелер айтылды.
Фото Сабыр Айылчиевдики
Комментарий кошуу