прадо1
Бишкекте 27-январда ИИМдин коомдук мүнөзгө каршы кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Prado спорттук-көңүл ачуучу клубунда интимдик кызмат көрсөтүлүүчү жашыруун жай ишмердүүлүгүн ачыкташты.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, башкармалыкка мурда Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан сауналардын биринде европа түспөлүндөгү 35-40 жаштар чамасындагы аялдар сойкулук менен алектенүү үчүн притон уюштурушканы жөнүндө маалымат бир нече жолу түшкөн.

Аталган факты боюнча ИИМдин коомдук нравалуулукка каршы кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүмү тарабынан материалдар топтолуп, Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Андан кийин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук менен алектенүү үчүн притон уюштуруу жана кармоо) менен кылмыш иш ачылып, издөө үчүн санкция алынган.

«Сойкулук менен алектенүү үчүн притон уюштуруу фактысын тактоо максатында 27-январда ыкчам-иликтөө иш-чаралары өткөрүлгөн. Ичинде 2 сауна жана мейманканалык бөлмөлөр жайгашкан спорттук-көңүл ачуучулук комплекстен жеңил ойлуу 7 кыз кармалган. Алар узак убакыттан бери кардарларга саатына 3000 сомдон 4000 миң сомго чейин интим кызматын көрсөтүп келе жатышкан», – деп маалымдашты түзүмдөн.

Издөө процессинде саунанын администратору 1976-жылы туулган, Россиянын жараны Т.А., жана Чүй облусунун тургуну 1980-жылы туулган Б.С. кармалды. Мыйзамга ылайык протоколдор түзүлүп, жогоруда аталган администраторлор Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: Баракелде