поэзия1-1

Пайгамбарды каралаба!

Ар ырыңды үстүртөдөн карабагын,

Ак, Каранын үлүшүнөн айырбагын.

Ак, Карадан башка дагы ыраңдар көп,

Адегенде Ак, Караны айрып баргын!

 

Ак боектон күчтүү келет Кара боек,

Ак нерсени кара кылып боеп коет.

Ак боекко кара боек сүртүп туруп,

Акмактардын катарына коюп коет.

 

Алла Таалам Ак нерсени жакшы көрөт,

Ак нерселер ошондуктан жашап жүрөт.

Ак нерсени кара кылып көрсөтүүгө,

Ар убакта Кара боек шашып жүрөт!

 

Алла, Таалам Ак, Караны көрө билген,

Акыйкатка адалдыкты төгүп берген.

Акыретте Караларга азап белен,

Ак, Караны ажыратпайт Ажал деген!

 

Теңирдин Пайгамбарын жебелебе

Терезеңдин тешигинен “шамал” урат,

Терезеңди жетемин деп шайтан турат.

Текебердүү заманымдын ой толгоосу,

Тээ алыстан жаңыргансыйт шамал улап!

 

Эшигиңдин тешигинен “шамал” урат,

Эшигиңди жетемин деп шайтан турат!

Ээнбаш заманымдын ой толгоосу,

Ээн сайда улугансыйт шамал улап.

 

Корооңдун тешигинен “шамал” урат,

Корооңдо киремин деп шайтан турат.

Кор болгон Пайгамбардын ой толгоосу,

Кокусунан жаңырган жок шамал улап.

 

Териңердин тешигинен “шамал” урат…

Териңерди сыйрыймын деп шайтан турат.

Теңирдин Пайгамбарын тебелебе!

Төбөбүздө ыйман тилеп Теңир турат!

поэзия1-

Пайгамбарды ырым менен колдосом дейм

…Эсеби жок караңгыга ким чыдайт?

Эңсебегин, караңкүндө күн чыкпайт.

Эртели кеч жаагын жанган булбул кушу

Эмнегедир бүгүн күндө унчукпайт??

 

Пайдубалын акыйкаттын оңдосом дейм,

Пайгамбарды ырым менен колдосом дейм!

Пенделери Жараткандын бей убакта,

Пейли жаман “жин-шайтандан” коркпосо  дейм.

 

Үрөң-бараң өмүр көчү жалган чырак,

Үзүлчүдөй үлпүлдөгөн жарык чыгат!

“Үмөтүм!” деп ыйлап өткөн Мухамедди,

Үмөттөрү колдобосо жаным чыгат!

 

Кыйын экен жумурткадан кыр чыкмагы,

Кыйын экен Дин тепселип чыр чыкмагы.

Кызыр колдоп сайраса экен булбул кушу,

Кыйын экен чыр чыкканда ыр чыкмагы!

 

Пайгамбардын өмүрүн өрнөк кылгын!

…Жаз жаңырып, жердин бети көктөгөндө,

Жаздын көркү көңүлүңдү өппөгөндө.

Пайгамбардын өмүрүн өрнөк кылгын,

Жан дүйнөң жакшылыкты күтпөгөндө!

 

…Өз көңүлүң өзүңдөн чаңкаганда,

Өз өмүрүң өзүңдү калчаганда.

Пайгамбардын өмүрүн өрнөк кылгын,

Өз тагдырың өзүңдөн чарчаганда!

 

Өтүнүчүң өзгөлөргө өтпөгөндө,

Өкүнүчүң өзөгүңдү өрттөгөндө.

Пайгамбардын өмүрүн өрнөк кылгын,

Өмүрдөгү арман ырың бүтпөгөндө.

 

Өтүнүчүң өзгөлөргө өтөсө да,

Өкүнүчүң өзөгүңдү өрттөсө да.

Пайгамбардын өмүрүн өрнөк кылгын,

Өмүр жашың Алла берген өтө кыска!

поэзия2

Пайгамбарды даңктап  ырдасам

Айдын нурун курга байланып,

Айкын ойлор ырга айланып.

Пайгамбарым актап ырдасам,

Ак чач Аалам көөнү жайланып.

 

Бермет оюм курга байланып,

Берекеси нурга айланып.

Пайгамбарды мактап ырдасам,

Периштелер көөнү жайланып.

 

Жылдыздарды курга байланып,

Жымыңдашты ырга айланып.

Пайгамбарды даңтап ырдасам,

Жылдар өтсүн көөнү жайланып.

 

Булуттарды курга байланып,

Будуң-чаңдар ырга айланып.

Пайгамбарды актап ырдасам,

Булбул сайрайт, көөнү жайланып!

Турдукан Ибрагим кызы, журналист