logo_TV_New_1

«Парламентаризм сабактары» берүүсү буга чейин Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, фракциялар, комитеттердин милдеттерин чечмелеп келсе, мындан ары бул берүүдө коомчулуктагы актуалдуу маселелер, мыйзам долбоорлору жана депутаттардын демилгелери боюнча талкуулар уюштурулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн, 4-декабрда талкуу иретиндеги телеберүүнүн биринчи чыгарылышы саат 18.45 те Коомдук телеканалда көрсөтүлөт. Ал оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салуу маселесине арналат. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева жана Сайдулла Нышанов катышат.