ОШТУ1 ОШТУ

Ош технологиялык университетинде  Мекенди коргоочулар күнүнө карата эркек  мугалимдер арасында “Супер Ата” аттуу конкурсу болду. Аталган иш-чараны окуу жайдын аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, эркектерди интеллектуалдык дараметин, тиричиликке ийкемдүүлүгүн, өмүрлүк жарларына жана балдарына болгон  мамилесин аныктоо максатында уюштурулуп, сынакка  10 талапкер катышышты. Ачылыш аземинде ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов куттуктоо сөзүн айтып, окуу жайда үзүрлүү эмгектенген агайларга Ардак баракчаларды тапшырды.

Конкурстун шартына ылайык атаандаштар “Менин визиттик карточкам”, “Акылдуу ата”, “Азаматсын атаке”, “Камкор ата” жана үй тапшырмасы деп аталган сынактардан өтүштү. Катышуучулардын эң улуусу 55 жашты түзсө, эң кичүүсү 23 жашта болду. Жыйынтыгында калыстар тобу катышуучулардын даярдыктарын,  жаш өзгөчөлүктөрүн жана шык-жөндөмүнө, талантына баа беришип, биринчи орунга  технологиялык колледждин окутуучусу, төрт  тарабы  келишкен  мырза Баатыров Залкарды тандап алышты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилип, дипломдор менен сыйланышты.

Ризван  Исмаилова, Ош шаары