тоноо

27-декабрда эртең мененки 10до Ош аэропортунун VIP залынан Ош-Үрүмчү каттамы боюнча рейске даярданып жаткан адамдарды кокусунан кара беткап кийип келген 5 адам катуу чочутту. Алардын колунда Калашников автоматы, бирөөсүндө тапанча, дагы бирөөсүндө видеокамера болгон. Алар өздөрүн атайын операция жүргүзүүгө келгенин айтып, полго жатууга буйрук кылган. Жүргүнчүлөр полго жатууга аргасыз болушкан. Ошондо алар бир канча сумкаларды жана полдо жаткан бир адамды алып чыгып кетишкен. Сумкада 5 млн. 679 миң доллар акча болгондугу, ал Руслан деген жигитке таандык жана уурдалган адам ошол жигит экени айтылууда. Руслан “Асман тур” компаниясынын жетекчиси экендиги, ал Кытай тарапка товар ташып келгендиги белгилүү болду. Азырынча тоноого кирген адамдардын кимдиги аныктала элек. Фоторобот алгачкы сүрөттү иштеп чыкты.

Сымбат МАКСУТОВА