Ошто2- Ошто- Ошто1-

Ош шаарында таштандыларды  кайра иштетүүчү завод куруу туурасында  Түштүк Корея мамлекетинин «LSiSCOLID» компаниясы менен шаардык мэриянын ортосунда эки тараптуу келишим  түзүлдү.

Кыргызстандагы экинчи борбордун мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында,  шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында, шаар ичинде  таштандыларды сорттоо боюнча, күнөскана куруу жана катуу калдыктарды кайра иштетүү  заводун куруу пландаштырылган.

Аталган завод  Ош-Ноокат жолунун 7 чакырымына жайгашуу менен күнүнө  100 тонна таштанды өндүрүп, ал эми сорттоо боюнча 200 тонна өндүрүм жасай алат.

Жалпы курулуштун болжолдонгон аянты 10 гектарды камтыйт. Ал эми күнөскананы курууга 6 гектар жер бөлүнөт. «LSiS CO LID» компаниясы бул заводду куруу үчүн 35 млн. АКШ долларын бөлүүгө даяр.

Завод өз керектөөсүнө ылайык жумуш аткарууда электр жарыгынын күчү саатына 1,5 мегаВатты түзөөрү туурасында калаа башчысы баса белгиледи.

Келечекте Ош шаары Орто Азиядагы  гүлдөгөн, эң кооз, таза шаарлардын көч башында  болуусу  үчүн   мэрия тарабынан бардык аракеттер көрүлүп  жатат.

Гүлжамал Жороева, Ош облусу