взятка

Ош облусундагы райондук паспорттук-виза жана каттоо кызматынын адиси документ берүү үчүн пара талап кылып, акчаны алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош ОИИБдин кызматкерлерине кайрылган Өзгөн районунун тургуну анын уулуна документ берүү үчүн пара талап кылынып жаткандыгы тууралуу билдирген. Маалыматта айтылгандай, аталган райондун Жазы айыл өкмөтүндөгү паспорт берүү пунктунан 6 миң сом пара талап кылынган.

Аталган факт боюнча чогултулган материалдардын негизинде Ош ОИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Мамлекеттик кызматкердин мыйзасыз сый акы алышы) менен кылмыш иши козголду.

Ушул эле күнү Ош ОИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 6 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган тейлөө пунктунда эмгектенип келген Өзгөн райондук паспорттук-виза жана каттоо кызматынын адиси кармалды.

Бул боюнча козголгон иштин алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат.