3-февралда “жихадга” даярданып жүргөн Ош шаарынын тургуну курал-жарагы менен кармалса, андан бир күн мурун Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү деген шек менен Аксы районунун тургуну колго түшкөн.

Кыргызстан -- Атайын даярдыктагы аскерлердин Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы антитеррордук машыгуусунан, Ысык-Көл облусу, 31-октябрь, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Кыргызстан — Атайын даярдыктагы аскерлердин Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы антитеррордук машыгуусунан, Ысык-Көл облусу, 31-октябрь, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

 Акыркы мезгилде Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму менен “Өзбекстан ислам кыймылы” тобунун иш-аракетинин окшоштугун көргөзгөн далилдер табылууда. Бул тууралуу айткан укук коргоо органдары коопсуздук жаатындагы мыйзамдардын жетишсиз экендигин белгилешүүдө.

Ош шаардык милициясы жихад кылууга даярданып, курал-жарак камдап жүргөн жеринен Ош шаарынын 26 жаштагы тургунун кармады. Ал Кыргызстанда тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылы” уюмунун мүчөсү экени айтылууда. Бул жаш жигиттин үйүнөн “Хизб-ут Тахрир” уюмуна таандык адабияттар да табылган. Кармалган жаранды суракка алган учурда ал курал камдоо максатын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

– Ал куралдарды Ислам деген таанышымдан сатып алгам. Аны Кыргызстанда “каапырларга” каршы жихад болгондо колдоном дегем.

Жихадга камынып жүрөт делген жарандан алынган курал жана ок-дарылардын айрымдары. Сүрөт Ош ШИИБдан алынды.Жихадга камынып жүрөт делген жарандан алынган курал жана ок-дарылардын айрымдары. Сүрөт Ош ШИИБдан алынды.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүү жаран “Иж-27” жана Reck үлгүсүндөгү куралдарды ок-дарылары менен сактап жүргөн жана экспертиза алардын баарын “пайдаланууга жарактуу” деп тапты.

Мындан бир күн мурда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү деген шек менен Аксы районунун 37 жаштагы тургуну кармалган болчу.

“Булагы” бир эки  уюм 

Укук коргоо кызматкерлери акыркы кармалгандар ар башка уюмдардын мүчөсү экенине карабай, колдонгон адабияттарында окшоштуктар бар экенин далилдешкен. Мындан улам Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков халифат куруу мүдөөсүнүнастында ар башка уюмдар бириге баштады деп боолголойт.

– Мисалы, кармалгандардын бири – “Хизб-ут Тахрирдин”, экинчиси –  “Өзбекстан ислам кыймылы” тобунун мүчөсү болсо да, алардын колдонгон адабияттары бир болуп чыга баштады. Бир уюмга таандык адабияттар башка бир уюмдан табылып жатышы алардын бириге баштаганынан кабар берет.

Экстремисттик “Хизб-ут Тахрир” уюму террордук “Өзбекстан ислам кыймылы” сыяктуу топтордон күч колдонбоо принциби менен айырмаланып келген. Бирок диний адистер “Хизб-ут Тахрир” уюму да кез келген учурда курал көтөрүүгө барышы толук мүмкүн экенин эскертет.

Теолог Зайнабидин АжимаматовТеолог Зайнабидин Ажимаматов

– Негизи “Хизб-ут Тахрир” жихадды курал-жарак менен ишке ашырууга басым жасашпайт. Алар алдыңкы планга ынандыруу иштерин алып чыккан. Бул жагынан караганда “Хизб-ут Тахрир” “Өзбекстан ислам кыймылы” сыяктуу топтордон айырмаланып турат. Бирок аларга каршы кысымдын күчөшүнө туруштук берүү үчүн бири-бирине куралдуу колдоо көрсөтүшү толук мүмкүн, -дейт теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажимаматов.

Бутту тушаган мыйзамдардагы кемчиликтер

Укук коргоо кызматкерлери терроризм менен натыйжалуу күрөшүүгө мыйзамдардын жетишсиздиги тоскоол болуп жатканын билдиришүүдө. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев коопсуздукка тиешелүү мыйзамдардын жетишсиздиги милициянын бутун тушап жатат деп билдирди.

– Жарандык коом активдүү иштеп, жарандык укуктардын корголушу өтө алдыга кеткен. Ошол эле учурда коопсуздукту коргоо боюнча күч органдарына тиешелүү мыйзамдар совет мезгилинен бери өтө жай жүрүп келатат. Жарандык укуктардын корголушу менен коопсуздуктун корголушундагы мыйзамдар бирдей өнүккөндө азыркыдай абалга туш бобойт элек.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети терроризм менен натыйжалуу күрөшүүгө жол ачат деген мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жолдогон. Укук коргоо органдарынын айтымында, Кыргызстанда “Хизб-ут Тахрир” уюмуна тыюу салынган менен аларга мүчө болгондор жазаланбайт, башкача айтканда уюм мүчөлөрүнө качан гана чакырык жасаганда айып тагылат. Мыйзамдар минтип бири-бирине карама-каршы болуп жаткан чакта кооптуу уюмдардын мүчөлөрү күч алып бараткандай.

Ыдырыс Исаков, Азаттык