КР өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, ОШ жылуулук электр борборуна 20,6 миң тонна мазут жеткирүү пландалган. Бул тууралуу 23-октябрда өкмөттүн селектордук жыйынында таратылган маалыматтарда белгилүү болду.

Мазут отуну боюнча “Кыргызнефтегаз” ААК менен, бир тонна мазутка 21,5 миң сом баасында Ош ЖЭБге 20,6 миң тонна мазут жеткирүүгө келишим түзүлгөн.

Ушул жылдын 21-октябрына карата 5,5 миң тонна мазут жеткирилди.

Муну менен катар, учурда министрлик тарабынан, Ош шаарында 23 көп кабаттуу үйлөр борбордук жылуулук берүүгө кошулгандыктан жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо жүргүзүлгөндүктөн Ош шаарына кошумча 10 миң тонна мазут жеткирүү маселеси иштелүүдө.

23-октябрга карата Ош ЖЭБдеги мазут отунунун калдыгы 9,161 миң тоннаны түздү (2013-ж. 18,142 миң тонна).