ОШ мэри1

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев журналист Исманали Муратовго 100 миң сом акчалай жардам берди. И.Муратов “альвеококкоз” оорусуна чалдыккан. Дарыгерлер бир айдын ичинде чет өлкөдө боорун 80 миң долларга алмаштыруу керектигин айтышкан. Журналисттин жубайы Мехригүл Саитованын да абалы оор. Ал боюндагы эгиз балдарын операция жолу менен алдырып жыйынтыгында чарчап калган. Ал эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн түбөлүккө ажырап, андан кийин эки кулагы тең укпай калган. Дарыгерлердин шалаакылыгын изилдөөнү мэр өзүнүн көзөмөлүнө алаарын белгиледи. Ошону менен бирге Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү жардам берээрин кабарлаган.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА