Ош шаарында шаардын чарбасын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча комбинаты, шаар көчөлөрүнө арча отургузуу боюнча иш жүргүзүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Билдирилген маалыматка караганда, бүгүн, 11-февралда Ленин көчөсүндө борбордук стадиондон баштап 89 даана арча отургузулду.

Аталган аймактын жетекчиси Марс Сабировдун билдирүүсүнө караганда, Ош шаарында бак отургузуу боюнча көп иштер жасалууда.

«Бүгүн Ленин көчөсүндө стадиондон баштап жана бир көчө ылдый, арча отургузуу болуп жатат. Мындан сырткары, Ленин көчөсүнөн өйдө жактагы Джинн көчөсүндө, Ош мамлекеттик жогорку окуу жайынын борбордук корпусунан баштап «Кыргызтелеком» мекемесине чейин арча отургузулмакчы. Өткөн 2 күн ичинде «ОшПэс» районунда, Масалиев проспектисинен баштап, Монуев көчөсүнө чейин 200 даана арча отургузулду. Ошондой эле, «Ош» кичирайонунда да арча тигүүдөбүз. Жалпысынан, шаарды жашылдандыруу иштери толугу менен жүрүүдө», – дейт М.Сабиров.

Ошондой эле, март айынан баштап шаарда каштан дарагын отургузуу башталаарын ал кошумалай кетти.

Изображение 170

Изображение 171

Изображение 172

Изображение 173

Изображение 176

Изображение 177

Изображение 178

Изображение 179

Изображение 181

Изображение 182