Ошто машыгуу3- Ошто машыгуу- Ошто машыгуу2- Ошто машыгуу1-

2015-жылдын 19-20-февраль күндөрү Ош шаарында “Өзгөчө кырдаалдын коркунучунда жана  келип чыккан учурдагы Ош шаарынын Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш-аракеттери (жер титирөө)” деген темадагы штабдык – машыгуу өткөрүлүүдө.

Машыгуу Ош шаарынын Жарандык коргонуусунун 2015-жылга даярдык планына ылайык, Ош шаарынын мэри  Ош шаарынын Жарандык коргонуунун башчысынын жетекчилиги астында, КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош шаарынын  Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы жана эвакокомиссиясынын, Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-уюмдарынын, лабораториялык көзөмөлдөө уюлдугуна кирүүчү  мекеме-ишканалар, катуу таасир берүүчү уулу заттарды иштетүүчү обьектилердин катышуусунда өтүүдө.

Штабдык машыгуунун максаты өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы Ош шаарынын Жарандык коргонуунун кызматтары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдар болгон учурда авариялык-куткаруу жана калкты жана аймакты коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, башкаруунун чыныгы даярдыгын текшерүү, Жарандык коргонуунун күч жана каражаттарынын эсебин, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана камсыздоону тактоо, өзгөчө кырдаалга баа берүү боюнча үйрөтүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Штабдык машыгууну өткөрүүдө башкы милдет – коюлган  тапшырмаларды өз убагында сапаттуу аткаруу болуп эсептелет.

Машыгуу эки этаптан турат:

Биринчи этабында Ош шаарынын Жарандык  коргонуунун башкаруу органдарынын жер титирөө болуу коркунучунда аткарылуучу иш-чаралар көрсөтүлөт.

Ал эми экинчи этабында  Өзгөчө кырдаал болгон учурда Ош шаарынын Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын биринчи кезектеги иш-чараларын уюштуруу. Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу болуп саналат.

Машыгуунун сценарийине ылайык, бүгүн, 19-февраль күнү саат 6:00дө Ош шаарынын Жарандык коргонуунун жетекечилик курамына жана өздүк курамга “Айгай белгиси” менен кабар таркатылды.

“Айгай белгиси” боюнча Ош шаарынын Жарандык коргонуусунун башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусундагы жыйын Ош шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залында өткөрүлүп, анда Ош шаарынын мэриясынын буйруктары Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жеткирилип, тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Ал эми Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.