Ош шаарынын 52 жаштагы тургуну Рано Ахмедованын жансыз денеси 8-февралда өз үйүнөн табылган. Кылмышка шектелип анын күйөөсү кармалган. Ош шаардык милициясы билдиргендей, шектүү жаран өз аялын өлтүргөнүн моюнуна алды. Буга кызынын ар кимден алган 20 миң доллар карызы себеп болгонун айтты. Маалыматка ылайык, ал “кызга жакшы тарбия берген эмессиң” деп жубайын бычактаган. Тергөө уланып жатат.

Өткөн жылы Араван районундагы бир үй-бүлө да өз келинин “жүрүш-турушу начар” деген жүйө менен өлтүрүп, денесин каналга агызганы аныкталган.