насильник1

Ошто “жашы жете элек кыздарды зордуктаган” деген шек менен Ош шаарындагы абройлуу окуу жайлардын биринин 1994-жылы туулган эки студенти кармалды. Алар КРнын кылмыш процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы 12-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2014 жылдын 8-сентябрында болгон. Анда болжол менен 11:30дө 2000-жылы туулган Айнурум жана Аруузат аттуу окуучу кыздарды эки жигит алдоо жолу менен өздөрү жашаган батирге алып келишкен. Кыздардын жаштыгынан, алсыздыгынан пайдаланып, адегенде күч менен спирт ичимдиктерин ичиришкен. Кыздар мас болуп калышканда алар каршылык көрсөткөндөрүнө болбой зордукташкан. Окуя болжол менен түнкү саат 22:00дө болгон. Натыйжада эки кыз денелеринен дагы жарат алышкан. Учурда бул кылмышка шектүү катары кармалган жарандардын үстүнөн кылмыш иши козголду. Эртең алар Ош шаардык сотуна баш коргоо чарасын өзгөртүү же өзгөртпөө үчүн кароого барышат. Алгачкы тергөөнүн жыйынтыгында бул студенттер менен 8-класстын окуучулары социалдык түйүн аркылуу таанышканы белгилүү болду.

Булак: super.kg