кылмышОш. Эстакадалык көпүрөнүн курулушуна кайрымдуулук катары берилген 100 миң сом жеке кызыкчылык үчүн иштетилгени аныкталды

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна белгилүү ырчы тарабынан кайрымдуулук катары берилген 100 миң сом мэриядагы мурдагы жооптуу кызматкер тарабынан жеке кызыкчылык үчүн иштетилип кеткени аныкталды. Маалым болгондой, каражат атайын фондго киргизилбей, сарпталып кеткен.

Учурда бул иш боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Булак: super.kg