бензин-1

Дүйнөлүк рынокто сатылып жаткан мунайдын 40%ын этaлондук Brent маркасы түзөт. 2014-жылы баасы баррелине 110 доллар болот деген бул мунай төрт-беш айдан бери куну качып, кургуйлаганы токтобой жатат. Батыш аналитиктеринин айтымында Brent мунайдын баррели 76 долларга чейин түшүшү мүмкүн. Бул АКШ менен Орусияда өндүрүлүп жаткан мунайдын өздүк наркы. Эгер баасы андан да ылдыйласа экономикасынын өзөгүн мунай түзгөн өлкөлөрдүн ыштаны жыртылаарын түшүндүрөт. Маселен, Орусияда өлкө бюджети мунай баасы 95 доллар болот деген божомол менен эсептелген. Азыр мунайдын баррели 80 доллардын чегине жетти. “Эгер мунай улам 1 долларга арзандай берсе Орусиянын бюджети ар жолу 80 млрд. рубль же 2 млрд.га жакын доллардан куру калат”,-дейт бул өлкөнүн финансы министрлигине караштуу стратегиялык пландоо бөлүмүнүн жетекчиси Максим Орешкин Bloomberg агенттигине берген маалыматында. Ошондон улам Владимир Путин мунай баасы 80 доллардан түшсө, дүйнөдө жаңы кризис башталат деп добулбас кагууда. Ал эми АКШнын айтканына көнүп, мунай өндүрүү көлөмүн ушул тапта эпсиз арбытып жаткан өлкөлөрдүн бири Сауд Арабиясынын бюджети 90%га мунай эсебинен толукталаары да белгилүү. Мунайдын баасын түшүрүү канчалык зарыл жана кимдерге пайда алып келиши мүмкүн?

Албетте, мунай эсебинен күн көргөн өлкөлөр жогоруда айткандай далай-далай киреше байлыктан айрылып жатканы анык. Ал эми өз аймагындагы мунайды сыртка экспорттоого мыйзам тыюу салган Кошмо Штаттары мунайды өч алуу куралы катары колдонуп жатканын түшүндүрө кеткенибиз туурадыр. Анткени, азыркы кырдаал өткөн кылымдын 80-жылдарын аргасыздан эске салат. Экспорттун теңинен көбүн мунай менен камсыздап, эсепсиз акчага манчыркап турган СССРди Кошмо Штаттар менен Сауд Арабиясы кудум бүгүнкүдөй мунай баасын түшүрүп сызга олтургузганы соңку жаңы тарыхта белгилүү. Мына эми ошол кечээки ыкма кайрадан колдонулууда.

Билерман эксперттердин бүтүмү ушундай. Демек, мунай кризисинин башкы күнөөкөрү геосаясат.

Негизи дүйнөлүк мунай рыногу Рокфеллер кланынын көзөмөлүндө жана алар Ак Үй менен акылдашып иш кылаары маалым.

Мунай арзандаса, бензин эмне үчүн кымбат дегендер азыр четтен табылат. Керек болсо кыргыз парламентинде олтурган депутаттардын дээрлиги да ушул суроого жооп издей берип баштары маң. Кыргызстан мунайзат продуктыларын негизинен Орусиядан жана Казакстандан алаары белгилүү. Бирок, Орусияда бензин баасы дүйнөлүк рынокко көз каранды эмес. Анын дүң наркын мунай иштетүүчү заводдор менен ортомчулар аныкташат. Маселен, “Сургутнефтегаз”, “Газпромнефть”, “Лукойл”, “Роснефть”, “НК Альянс”, “Башнефть”, “Славнефть” сыяктуу мунай өндүрүүчү компаниялар ички рыноктун 75%ына ээлик кылышат.

Бүгүнкү күндө бул компанияларга таандык мунай иштетүүчү 32 ири завод, 80 мини завод жылына 37 млн. тоннага чейин автобензин, 69,9 млн. тонна дизелдик май, 77,7 млн. тонна мазут өндүрүшөт. Өндүрүлгөн автобензиндин 3,5 млн. тоннасы, дизелдик майдын 41,5 млн. тоннасы гана экспортко жөнөтүлөт. Анткени, ички рыноктун өзүндө күйүүчү майлар тартыштыгы кыйла жылдан бери эле уланып келет. Быйыл бензин тартыштыгына Украинадагы кризис кыйла салымын кошту. Көп өлчөмдөгү күйүүчү май жайы менен Крымды карай жөнөтүлүп жатты. Мындан тышкары орусиялык компаниялардын дээрлиги батыш банктарынан олчойгон кредиттерди алып алышкан. Доллардын чыңдалышы булардын айласын кетирүүдө. Өкмөт да бюджетти бензин баасын көтөрүү менен жабууга аргасыз. Анткени, Орусия деле бүгүнкүгө чейин СССРдин катачылыгын кайталап келет. Негизи, дүйнөдөгү ири мунай өндүрүүчүлөрдүн катарында болгон менен Орусиянын кайра иштетүү кубаттуулуктары чектелүү. Быйыл, 17-июнда жылына 7 млн. тонна мунайзат продуктыларын өндүрүп келген Ачинск заводунда жарылуу болуп, иши токтоду. Ал эми сентябрь айында жети завод бир убакта ремонтко жабылды. Ушул тапта Орусиянын өзү кошуна Белоруссиядан бензин ташып жатат. Келерки жылы “Евро-3” стандартындагы бензин өндүрүүгө бул өлкөдө тыюу салынат. Бирок, “Евро-4” үлгүсүндөгү бензин чыгарууга мунай иштетүүчү заводдордун баарында эле мүмкүнчүлүк жок. Демек, тартыштык азыркыдан да даана сезилет, баа дагы көтөрүлүшү мүмкүн. “Евро-4”тү өндүрүүгө “Газпромнефть” компаниясына таандык Омск мунай иштетүү заводунун гана 80%дай шарты бар.

“Газпромнефть” демекчи, бул компания 2005-жылдан бери Кыргызстандын рыногунда монополисттик абалды ээлеп, ар жылы 700 миң тоннага чейин мунайпродуктыларын ташып келет. Ал эми Кыргызстандын жылдык керектөөсү 1 млн. тоннанын ары-бери жагында. “Анын 65%ын бензин, 35%ын дизелдик отун түзөт”,-дейт Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов.

Жыл башынан бери өлкөбүзгө 811 миң тонна мунайзат, анын ичинде 425 миң тонна бензин, 386 миң тонна дизелдик отун алып келинген. Ошол эле учурда алардын баасы 19%га чейин көтөрүлдү.

Эгер чийки мунайдын арзандап жаткандыгынан пайдаланып, азыр Кара-Балтадагы Жунда заводун сырьё менен жетишээрлик өлчөмдө камсыздай алсак, бензиндин баасын төмөндөтсө болот. Жакында кошуна Казакстан жыл сайын бизге пошлинасыз 300 миң тонна чийки мунай берип турууга макул болду. Бирок, кошуналарыбызда да бензин тартыш – мунай иштетүүчү заводдору керектөөнүн үчтөн экисин гана камсыздай алат. Казакстанда азыр бензинге талон системасы киргизилди.

Биз Кара-Балтадагы заводду 8 млрд. сомго курдурдук. Кыргызстандын 65% керектөөсүн камсыздай алуучу завод жылына 320 миң тонна бензин, 310 миң тонна дизелдик отун жана башка мунай продуктыларын өндүрүүгө эсептелген.

Айрымдар учурда аталган завод өндүргөн бензиндерин өлкөдөн тышкары сатууда деп айып тагышууда. Завод жетекчилиги болсо бүтүндөй продукция ички рынокко чыгарылууда дейт.

Ошол эле учурда Венесуэлада, Бириккен Араб Эмираттарында бензин баасы ит бекер эле бойдон турат. Орусияга ор казып жаткан АКШда деле баа бизге караганда арзан экен. Баса, баррель тууралуу да окурмандарыбызга түшүнүк бере кетели. Англис тилинен которгондо бочка, же кыргызча бочке дегенди билдирет. 1 баррель – 159 литрге барабар.

 Атай Алтымышев