Сабырбек Жумабеков1
– Ооба, мага ар кандай адамдар кайрылышты саясатчылар, журналисттер жана башкалар,-деп билдирди Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун (№4 шаардык оорукана) директору Сабырбек Жумабеков АКИpress’ке берген маегинде.

«Мен алардын баарына операцияларды жасадым. Бирок мен адамдарды бөлбөйм, алар мен үчүн баары бирдей», – деди ал.

Врачтын айтымында, операциялар саясатчылардан Жылдызкан Жолдошевага, Ахматбек Келдибековго, Райкан Төлөгөновго, Бахтияр Кадыровго, Жоомарт Сапарбаевге жана башкаларга жасалган.

«Алар деле силерге, баарыбызга окшогон адамдар да. Кээ бири лыжа тебишет, айрымдары күрөш менен машыгышат, анан жаракат алып калышы мүмкүн. Жаракат алып дарыланууга баары укуктуу. Мунун баары мүмкүн болгон нерсе», – деген Жумабеков, ооруканага социалдык абалынан көз карандысыз ар кандай топтогу адамдар кайрылышарын кошумчалады, «Саясатчы менен катар эле, үй жайы жок адам да болуп калышы мүмкүн», – деди.

«Мисалы, өткөн жылы Германиянын канцлери лыжа тээп баратып тизе муундарын кокустатып алган. Ал эч нерсе жашырган жок, мунун эч кандай жаман жагы жок», – деп белгиледи С.Жумабеков.