Орозалы Карасартов

 Пенделер дегинкиси өтө эле ишенчээк жанбыз. Жараткан теңирдин улуулук касиети ушунда экен, ал айткандай «пенделерим маңдайына жазылганын көрөт» демекчи, адам баласы көрөр күнү качан батаарын, дем алуусу качан токтоорун, ичээр суусу качан түгөнөөрүн аңдап туйбайт экенбиз.

Эч кимди ылгабаган шум ажал чыгаан кесиптешибиз, акын жана журналист Орозалы Карасартовду арабыздан эрте алып кетти. Кыргыздарда  «Эр ортону элүү жаш” демекчи, Орозалы элүүнүн кырын эми гана ашкан болчу. Акыркы төрт жыл аралыгында Орозалы ажал менен саат сайын арбашып, тынбай  чыйралып, күрөшүп жашады. Айрым эрки бош башка бирөө болгондо тагдырдын жазмышына айла жок турбайбы деп алда качан эле ийилип, бошошуп, сынып калмак. Орозалы антпеди, ал ажалга жылмая тике карап, колуңдан эмне келет эле деп анын шаштысын алып, тынымсыз күрөшүп жашады. Анын мындай кадамга баруусуна өмүрлүк жары, ысык-суугун тең бөлүшүп көтөрүшкөн жубайы Анаркан, чырактай болгон жылдыздуу кыздары Асель, Акбермет, Арууке  менен медер туткан уулу Кубанычбек такай аска- тирек болушуп, өмүрүнүн соңку минуталарына чейин жылуу сөздөрү менен ар дайым колдоп-кубаттап турушту. Андан башка колдон эч нерсе келбесин баары сезип, туюушаар эле. Жашоонун, турмуштун оор- кыйышы, тайгак кечүү сыяктуу татаал жолдорунда адам баласына болоттой бекем эрк керектигин Орозалы өз жашоосу жана ак дилден эли-журтуна жасаган иши менен тастыктап далилдеди. Бул болсо ар кимдин эле колунан келе бербей турган оор сыноо жана мүшкүлдүк. «Жашоо—бул күрөш, күрөш токтогон жерде өмүр дагы токтойт» деген улуу сынчы В. Белинскийдин айткан сөзүнө аргасыздан  моюн сунбаска айла жок турбайбы.

Орозалы 13 бир туугандын экинчиси болгон. Өзүнөн улуу бир эжесинен башка инилери менен карындаштарына аска-тоо, аларга ага эмес ата сыяктуу ишенген медери болду.

«Кээде баарына кол шилтеп, бул жашоодон кечип кетким келет. Бирок, балдарым али жаш. Ушуларды кичине бутуна тургузуп алсам кудайдан арманым жок эле»,- деп Орозалы бир жолу ыймандай сырын айтканда.

-Койсоңчу болбогон сөздү, али баары алдыда. Бошошууга сага эртелик кылат,- десем ойлуу гана жылмайып койгон. Көрсө айыккыс оор дарт менен, дайыма баскан-турган кадамыңды аңдып турган  ажал менен кармашуу оор окшобойбу. «Башы оорубагандын кудай менен иши жок» дегендей, ал сөздүн түпкү маанисин мен анда кайдан сезиптирмин да, кайдан туюптурмун.

Орозалы Карасартов экөөбүздүн кесиптеш, санаалаш катары жакын достугубуз ал Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясына басма сөз катчысы катары иштей баштаган мезгилден башталды. Айтылуу Кара-Кулжа районунун алыскы Сары-Бээ айылында туулуп-өскөн Орозалы орто мектепти бүткөндөн кийин, айылда катардагы жөнөкөй почтальондон, райондук жол курулуш башкармалыгында жумушчу болуп эмгек жолун баштаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн кезинде «Кыргызстан аялдары»  журналына «Кыздар неге жоокерди күтүшпөйт?» деген макаласы чыгып, ал кыйла резонансты жаратып, ага ондогон каттар келе баштаган. Дээринде чымыны бар жигиттин болочок кесибин тандап алуусуна ошол макаланын таасири болгондугун өзү айтканы  жадымда.

Аскердик милдетин өтөп келгенден кийин, СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин ийгиликтүү аяктаган. Алгач эмгек жолун Кыргыз радиосунан баштап, кийин бир катар республикалык массалык маалымат каражаттарында үзүрлүү эмгектенди. Кайсыл басылмада иштебесин өзүнүн так көз карашын, айрымдарга жакпаган өзүнүн ачык-айкын позициясын билдирип, чыркыраган чындыкты туу тутуп, чыгармачылык менен талкыпай  эмгектенди.

Бирөөнүн айтканы менен бир ирет ысык чок кармап, Кыргыз Республикасынын Баатыры, КРнын эл артисти, атактуу кинорежиссер, Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, коомдук жана саясий ишмер, маркум  Дооронбек Садырбаевге тийише коемун деп, аз жерден соттошууга чейин бара турган болуп калгандыгын кайран Орозалы көп айтып калчу. Кийин улуу инсан, кайран Доке Орозалыда эч кандай күнөө жок экендигин тактап билгенден кийин, аны өзүнүн баласындай жакшы көрүп калгандыгын Орозалы көп ирет айтып жүрдү.

Американын тузу насип кылган экен, 2003-жылдын март айынын орто ченинде  журналисттер арасында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен мен, Орозалы Карасартов жана Айгүл Жусупбекова болуп, катары 9 адамдан турган ар кыл кесип ээлеринен куралган делегация Америка жергесине сапар тарттык. Бир айга жакын созулган сапарда Орозалы экөөбүз башыбыздан кыргыздын ак калпагын  түшүрбөй, эгиз козудай ээрчишип, кайда барбайлы бирге жүрдүк. Америка президенттеринин башкы иш түнөгү болгон Ак үйдө, америкалык конгрессмендер менен сенаторлор өздөрүнүн жыйындарын өткөрүүчү Капитолий ак сарайында экскурсияда болуп, жума күнгө туш келип калган экенбиз, мусулмандардын жума намазын Капитолийдин жер төлөсүндө окуганыбыз дале көз алдымда.

Орозалы Карасартов Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясында 9 губернатордун басма сөз катчысы болуп иштеди. Ушул кызматта иштеп жүрүп, журналисттерди бул «ак үйдүн журналисти, бул көк үйдүн журналисти» деп аларды экиге бөлүп жарганы жок. Ак үйдүн камчысын чабабы, оппозициянын ырын ырдайбы, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн, улуттун биримдиги үчүн журналисттердин баарына тегиз жана калыс карады, баарынын башын бириктирди, баары менен бирдей иштеше билди. Бир катар сынактарды уюштурду. Ушунун өзү эле анын чыгаан уюштуруучу журналист экендигин, Ата-Журттун чыныгы патриоту экендигин айгинелеп турбайбы.

Орозалы бир ирет кандайча Жалал-Абад областынын «губернатору» болуп калгандыгын айтып бергендиги такыр эсимден чыкпайт.

«Анда областтын губернатору Султан Урманаев болуп турган кез. Күнгө ишемби болчу. Кычырап костюм-шым кийип, моюнга галстук тагынып, кабинетимде иштеп олтурсам Султан Исакулович  баш багып калды.

-Жолдош басма сөз катчысы, убактыңыз болсо  Кара-Көл шаарына барып келбейлиби?,- деп калды күтүүсүздөн. Губернатор ишемби күн болгондуктан үстүнө жеңил гана спорттук кийим кийип алыптыр. Областтын башчысы өзү айтып жатса, кантип  жок демек элем.

-Султан Исакулович, колум бош эле, макул барып келели,-деп  анын айдоочусу Шарип   үчөөбүз Кара-Көл шаарына сапар тартып калдык. Жолду катар сүйлөшүп жүрүп олтуруп, Кара-Көл шаарына дагы кирип келдик. Губернатордун келээри шаардын акимине күн мурунтан айтылган окшойт, бизди жоон топ аксакалдар тосуп алышты. Машинадан түшүп, Султан Исакулович экөөбүз аксакалдарды карай  кадам таштап, басып жөнөп калдык. Аксакалдардын баары эле:-Ассолому алейкум, куш келипсиң губернатор балам, кыйналбай келип алдыңарбы?- дешип эле жабалакташып, биринчи болуп мага колдорун  сунуп, саламдашып киришсе болобу.

-Абалар, губернатор мен эмес, бул жак болот!- деп колум менен Султан Исакулович жакка  ишаарат кылсам деле болушпай алгач мени менен саламдашып, тегиз биринин артынан экинчиси учураша башташты. Тайганчасынан шамдагай жана арыгыраак келген Султан Исакулович жөнөкөй спорттук кийимчен турса, ал эми мен болсом сүткө тойгон күчүктөй болуп борсоюп, кычырап костюм-шым кийип,  мойнума галстук тагынып турсам, аксакалдар болду-болбоду губернатор ушул  жакшы кийингени, толмочунан келген ушул жигит болуш керек ойлошкон окшойт. Дароо топтон суурулуп сыртка чыгып, мойнумдагы галстугумду чечип, чөнтөгүмө салганмын. Кийин бир топко чейин Султан Исакулович, «кандайсың жолдош губернатор» деп тамашалап жүргөн,- деп Орозалы күлүп калаар эле.

Эң негизи Орозалы кыргыз журналистикасына өзүнүн чыйырын калтырып кетти. Катуу ооруп, анын үстүнө 2011-жылы  жумушсуз калганда үй-бүлөсүнүн колдоосу менен эркин «Аймак» коомдук саясий газетасын ачты. Кийинчерээк Жалал-Абад областынын тарыхында биринчи болуп «Аymaк. kg» интернет сайтын ачты. Былтыр басма сөз күнүндө Орозалы баш болуп, «Аймак» газетасынын чыгармачыл эмгек жамааты газетанын 3 жылдыгын жана «Аymaк.kg» интернет сайтынын 2 жылдыгын коомчулук менен кеңири белгилешкен. Азыркы мезгилде газета менен интернет сайт коомдук турмуштун күрдөөлдүү саясий айдың чөйрөсүндө өзүнүн татыктуу  ордун таап, миңдеген сүйүктүү окурмандарын жана ишенимдүү талапкерлерин тапты. Бул иш ар кимдин эле колунан келе бербеси анык.

«Башка тилди жандан артык көрсөм да, эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм» деп Алыкул жазгандай Орозалы Карсартов кыргыз тилинин өнүгүшүнө омоктуу салымын кошту. Ал бир топ жылдар бою өкмөттүн областтагы өкүлчүлүгүнүн алдындагы мамлекеттик тил коммиссиясында жооптуу кызматта иштеди.

Өткөн жылдын күзүндө Орозалы Карасартовдун «Нөшөр» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрдү. Буга чейин анын ырлары мезгилдүү басма сөздөрдө жана «Учкун» альманах китепчесинде көп эле ирет жарыяланып келген. Ал эми анын «Нөшөр» ырлар жыйнагы анын калыптанып калган акын экендигин аттын кашкасындай айгинелеп койду. Орозалынын жан дүйнөсүнө, анын чыгармачылык ааламына сүңгүп кириш үчүн алгач «Нөшөрдү» окуп чыгыш керек.

«Кээ кезде жакшы ырларды баштап салып,

А бирок аяктабай таштап салып.

Элүүгө чыкканымда сырларымды,

Арнадым окурманга сактап калып.

 

Ырларымдай оош-кыйыш тагдырым,

Өкүнүчтүү, таба албадым бардыгын.

Кагаздарда кала берип саргайып,

Ар-ар жерден топтоп жүрүп калдыгын.

Нөшөрдөй жаап, сабап жерди өткөндөй,

Жаздай жаркып, жашыл болуп көктөмдөй.

Өмүрүмдүн баары ушул ырларым,

Чагылгандай, нөшөр төгүп кеткендей.»

Орозалы жашоону, тирүүлүктү ушунчалык аздектеп сүйгөн, чыгып келе жаткан күнгө күлүп, салам берген кыргызымдын айкөл мырза жигити эле. Анын сөөгү 22-февралда өзүнүн киндик каны тамган  Кара-Кулжа районундагы Сары-Бээ айылына коюлду.

Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад шаары