олжобай
Адабият чөйрөсүндө маңыздуу ырларга ыктаган, котормолорго сүңгүп кирген Олжобай Шакир уулу деген ысым бар. Жаштар арасында элден биринчи болуп сакал койгон да ушул мырза болгон.

-Олжобай мырза, эң алгачкы суроомду ысымыңызга байланыштуу бергим келип турат, эмне себептен Олжобай экенин ата-энеңизден кызыгып сурадыңыз беле? 
-Кызыктын баарын айттырганы калдың ушу. 8-классымда метиркам жоголуп кетип, табылбай койду. Тинтпеген жерибиз калган жок, үйдү бир сыйра сапырып чыктык. Акыры Атбашынын райондук архивинен туулгандыгым тууралуу күбөлүктү аңтарып да, кашайып мен тууралуу эч бир документ табылбады. Болгону Эгембердиев Жыргалбек Шакирович деген документ табылды. Кызыгы, туулган күнү, жылы да туп-туура меники десең. Архивдегилер мени карап аңыраят, мен аларды карап аңыраям. “Мен Олжобаймын” дейм. “Сен Олжобай эмессиң, Жыргалбексиң… Мына, ишенбесең кайсы селсоветтен экениңден өйдө жазылып турбайбы, сага биз Эгембердиев Жыргалбек Шакирович деген гана метирканын көчүрмөсүн бере алабыз” деп көгөрүп туруп алышты. А мен Олжобай эле болгум келип, “канткенде Олжобай боло алам” деп чебелектей баштадым. Анан алар “мектебиңден сенин Олжобай экениңди күбөлөндүрө турган баландай кагаздарды жаздырып кел” деп кайра жөнөттү. А мен үйгө келип атам-апамдан кайдан жүрүп Олжобай болуп калганымды, архивде Жыргалбек экенимди айтып чыркырап бердим. Алар болсо мен төрөлгөн күнү атам лотерея билеттен чо-оң килем утуп алганын айтып, атымды ошон үчүн азан чакырып Олжобай койдук деп, мага Жыргалбек деген ысым берилгенине ишенбей коюшту. Менимче, кыргыз эркек балалуу болсо тебетейин көккө ыргытып сүйүнөт эмеспи: мен төрөлгөндө атам сүйүнгөнүнөн достору менен төрт аяктап калганча өкүртө ичсе керек деп өзүмчө “анализ” кылам. Бир жагынан лотереядан килем утуп атса, жыргап-чардап жентек тоюмду ичишти да, ЗАГСтын босогосун аттаганда бир көзүн ачып “баламдын аты Жыргалбек” деп айткан чыгар. А мас деген мас да, үйгө келгенде чылк жумулган дагы бир көзүн ачып “бүгүн олжолуу келдим, баламдын атын Олжобай коём” деп ЗАГСга эмне деп каттатканын тарс унутуп салса керек да… 
-Турмушта ары кызыктуу, ары жеңил ошол эле учурда пайдалуу, “шабашкалуу” жумуштар көп. Эмнеге сиз калемди тандап алгансыз? 
-Буга дүйнөнүн улуу жазуучусу Эрнест Хемингуэйдин жообунан өткөн жооп жок, андан да журналисттер сага окшоп “эмнеге жазуучу болуп калгансыз?” десе “колуман башка эч нерсе келбеген үчүн жазуучу болуп” калдым дептир. 
-Акындар апенди, жинди-чалыш деген сөзгө акын катары “түтөп” кетпейсизби? 
– Дүйнөнү соо адамдар эле жыргатып атыппы эмне. Тескерисинче, дүйнөнү аруулантып тургандар жалаң апендилер эмеспи. 
-Кээде илхам өзү келип ырлар жеңил шар жазылат, кээде жазгың келип турса да сөздөр бирин-бири ээрчибей калат го, ошол учурда ыйынгандай кыйноо менен ыр жазасызбы? 
-Негизи мен ыйынчаак болуп баратам, “толгоону” көпкө чейин тартам. Мурда билимсиз кезде, сөз байлыгым жакыр кезде жеңил, шар жазчумун. Бара-бара төөгө окшоп баратам, төө жаныбар 12 ай боюна көтөрчү беле…
-Котормого кызыгып, башка улуттун чыгармаларына сүңгүп кирген акындар кыргыздардын арасында өзүн өгөйлөп алып жүрүшөт деп айткандарды уккам, ушуга кандай пикир айтасыз? 
-Муну айткандар былжыраптыр. Өз казаныңда кайнай бербей, дүйнөдө өрнөктүү адабиятты жараткандарды которуп машакаттануудан өткөн чыгармачылык лаборатория жок деп ойлойм. Кыргыз адабиятында эмне үчүн өсүш болбой келатат, – кеп ошо башка өнүккөн адабияттардын тажрыйбасын өздөштүрбөй жатканыбызда. Көбү ойдун формасын издебейт, сөз менен узанбайт. Чын-чынында котормо менен алектенген сайын зергер боло баштайсың.
-Сиз эч ким сакал-мурут кое электе, алгачкылардан болуп сакал койдуңуз эле, кээде сакалы жок жүрүп каласыз, сакалдан тажадыңызбы же сизди туурагандар көбөйүп кеттиби? 
-Жаш кезде сылаңкорооздугум бар болчу, анүстүнө, артисттер менен көп аралашып калдым. Бойдок кезимде обужоктонуп чачты кежигеме чейин өстүрүп, сакалды 22 жашта эле койгом. Койкойгон сүрөттөрүм бар. Көрсө жаштыктын өзү көйрөң болот турбайбы, азыр 44кө келип, сырткы сулуулукту эмес, ички сулуулукту издеп калган кезим. Сакалды ошон үчүн кырып салып, ырымга деп ээгимдикин гана калтырдым.
-Азыр сакал койгон адамды көргөндө “намаз окуйсуңбу?” деп сурайбыз го, сиздин да намаз окуган күндөрүңүз болду беле? 
-Мен намаз окуп Кудайга кошомат кылгандардан эмесмин, кадырың жам болсун. Өмүрү мечиттин улагасын аттабадым, ыйманды биринчи кезекте көкүрөктөн издеген оң го.
– Турмушта тамеки, арак, мушташ дегендер менен дос болдуңузбу? 
-Аракты чанда бир ичем, а тамекини таштай албай жүрөм, бирок аны деле кийин үйрөнгөм. Бала күнүмдөн мушташ менен чоңойгом, мыкты мушташуу үчүн 30-35 жашыма чейин спортту калтырган жокмун. Кээде жакшы мушташтан колдун кычуусу канат, бирок атаандашың да жерден таш, койнунан бычак сууруп чыкпаган болсо… 
-Аял десе жантыгынан жата калган эркектин көбү аялзатын жек көрөт деген афоризмди сиздин калемден окудум эле, чын эле эркектер ушундайбы? 
-Бул афоризм менин калемиме тиешелүү эмес, бирок мен которгом. Ушул накыл кептин маанисин турмушта көп байкадым. Аялзатын ызырылта сөккөн эркектер негизинен аялзатына өздөрү туура эмес мамиле кылгандар. 
-Сиз өзүңүздү кайсы эркектерге кошот элеңиз, кыз жандуубу же (сулуу кыздарга тийишпеген эркекти “жыгач” эркек” деп тергеп коюшат экен) “жыгач” эркеккеби? 
-Кайсынысына киргизсеңер, ошонусуна киргизгиле. 
-Жаш кезде жигиттердин көбү кыздан-кызды алмаштырып, же бир учурда эки-үч кыз менен жүрөрүн айтып мактанышат, сиз да жигитче ушундай кадамдарга бардыңыз беле? 
-Көптү сүйдүм, бирок эч качан бирөөсүнө ант берип, экинчисине чуркаган эмесмин. Мен сүйсөм башымды жоготуп, бир гана жанды көңүл сууганга чейин сүйчүмүн.
-Айымдардын кайсы сапатын жактырбайсыз? 
-Мага ОБОНчу болбогон эле аялзатынын баары жагат, аңкылдап-даңкылдабаган ургаачынын баары жакшы. 
-“Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат” дейт, ичиңизде эмне арман, бук, ызаа бар? 
-Эми аны чыгармаларым аркылуу эле бербесем, кайсы бирин айтып бүтөм. Менде арман да, муң да, кубаныч да, айтор, баары бар. 
-Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз, уул-кызыңыз канчага чыгып калды, үйлөнүү тууралуу ойлонуп жатасызбы? 
-Бир жарым жыл өттү, келинчегимди рак деген балээ колуман жулуп кеткенине. Өзөк өрттөнүп кала бердик уул-кызым үчөөбүз. Ата-энеден ажырап, 3 биртууганымдан ажырап деле турмуш сыноосунан сынган эмесмин, бирок турмушта түбөлүк жардын орду таптакыр башка болот экен. Аз жерден каңгы баш болуп кетээримде кокусунан бу тагдырда менин да, уул-кызымдын да башын жөлөөр жаншерикке жолугуп калдым. Мүңкүрөй берген менен өлгөн адам тирилбейт экен, акыры маңдайы жарык бирөөнү таап, колун сурадым. 
Күз болучу. Бүт айланам 
муңайым. 
Күнү-түнү мени басып 
убайым: 
жүргөн элем уул-кызымды
жетелеп, 
эстен кетпей эсил кайран
жубайым. 

Бир-биринин колун кыса 
кармашкан 
ынтымактуу түгөй 
көрсөм жандашкан, 
адат тапкам – жаш 
сызылып каректен 
көөдөнүмө дароо өксүк 
жармашкан. 

Кээде көрүп кыз-уулумду 
кусалуу, 
кейичүүмүн бу 
тагдырга ызалуу… 
Ойлочумун, өгөй тапсам
экөөнө: 
“Мээрим төгүп, 
жүрөгүнө кысабы?” 

Издегендей Диоген 
анык адамды, 
санааркадым 
жаншериктеш табамбы? 
Тапкан менен 
балдарымды өгөйлөп: 
жалын-оттун 
ортосунда каламбы?! 
Бирок бул ыр дале бүтө элек, “толгоосу” былтыр эле башталган. Бул ыр менен көп нерсени туюнткум келген. Менимче, тагдырымдын бурулуш мезгили болгондо гана финалы жазылчу ыр окшойт деп жүрөм.

Айнура Касымова, “Аруу Дүйнө”