Окуу жүргүзүлгөн имараттар авариялык абалда, окуу акысы төлөнөт бирок, студенттер үчүн шарттар жок (фото)
Кыргызстандын Эл аралык университетиндеги политехникалык колледждин студенттери окуу жүргүзүлгөн имараттын авариялык абалда экендиги тууралуу билдирүү менен сүрөттөрдү «Репортерго» жөнөткөн.
Студенттер тарабынан жөнөтүлгөн билдирүүдө Бишкек шаарындагы Турусбеков менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын абалы тууралуу айтылган.
«Сүрөт мындан 6 ай мурун тартылган, учурда ал жакта оңдоо иштери жүргүзүлдү, бирок 3-кабат толугу менен жабык. Окуу акысын төлөйбүз, бирок администрация бизге окуу үчүн шарт түзүп бербегендиги нааразы кылууда. Андан тышкары, спорт зал жок жана дене тарбия сабагы өтүлбөйт. Биз тарабынан берилген суроолор менен талаптар боюнча эч кандай конкреттүү чара көрүлбөйт. Билим берүү жана илим министрлиги биздин кырдаал тууралуу билеби?», – деп айтылат студенттердин билдирүүсүндө.
Комментарий кошуу