он руль

Жогорку Кеңеште өлкө аймагына оӊ рулдуу автомашиналардын алып кирүүгө тыюу салууга багытталган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

ИИМ маалыматына караганда, акыркы беш жыл аралыгында оң рулдуу автоунаалардын саны 36 пайызга чейин өскөн. «Оң рулдуу автомашиналардын катышуусундагы автокырсыктардын саны кыйла өсүп кетти. Ошондон улам, оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүүгө аргасыз болдук», – дейт министрдин орун басары Курсан Асанов.

Жыйын жүрүшүндө ушу тапта өлкө аймагында 991 миң 888 автомашина катталса, анын ичинде 127 миң 383 оң рулдуу автоунаа бар экени, мындайча айтканда, автомашиналардын жалпы санынын 13 пайызын түзөөрү, алардын саны улам өсүп баратканы белгилүү болду. Мисалы, 2013-жылы оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 1472 кырсык катталып, жалпы кырсыктын 21,4 пайызын түзгөн.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Жусупали Исаевдин айтымында, тармактык комитет Өкмөттүн өлкө аймагына оӊ рулдуу автомашиналардын алынып келишине тыюу салуу демилгесин колдоо чечимине келген.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА