“Кавказ туткуну” тасмасында Нинанын ролун жараткан актриса Наталья Варлей Бишкекте чыгармачылыгын тартуулайт

1-ноябрда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында Орусиянын Эл артисти Аристарх Ливанов жана Эмгек сиңирген артисти Наталья Варлей “Души прекрасные порывы” аталышындагы адабий-музыкалык спектаклин коюшат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Наталья Варлей менен Аристарх Ливановдун чыгармачыл дуэти Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн сахналарын кыдырып, өнөрлөрүн ийгиликтүү көрсөтүп келет. Наталья Варлей 1967-жылы “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасында Нинанын ролун жаратып популярдуу болгон. Ал эми Аристарх Ливанов белгилүү театр жана кино актёру. “Бул чыгармачыл жолугушуу Бишкек шаарынын тургундарына чоң белек болот. Артисттер белгилүү акындардын ырларын окушуп, спектакль коюшат”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
Булак: super.kg