Германияда дээрлик ар бир үй-бүлөдө балдардын ар биринде майда тыйын чогултчу кутуча же money box бар.

Германияда дээрлик ар бир үй-бүлөдө балдардын ар биринде майда тыйын чогултчу кутуча же money box бар.

Өткөндөгү немистер жөнүндө блогумда “немистер төрт-беш жыл жаңы кийим албайт” деп жазсам көпчүлүк окурмандар “кантип эле эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон Германиянын жашоочулары кийимине жылына болгону 100 эле евро коротсун” деп таң калышты. Бул суроо мени да ойлондурду. Ошондон кийин мен немистердин үнөмдүүлүгүн тереңирээк изилдеп көрдүм.

Сарамжалдуулук же ашыкча акча, суу жана энергия коротпоо – бул Германияда бала бакчадагы бөбөктөрдүн аң-сезиминен баштап, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдердин негизин түзөт. Бул жакта коомдук имарат же жеке менчик үй курулабы, биринчи коопсуздук жана ыңгайлуулук, анан энергия жана сууну үнөмдөө жагына көңүл бурулат. Үнөмдөө дегенде сөзсүз эле акча эмес, экология да, башкача айтканда, 100-200 жылдан кийинки экологиянын абалы эсепке алынат.

Бала кезден тыйын чогултмай

Немистерде акчага эсеп менен аяр мамиле жасап, сарамжалдуу болуусу бала кезден аң-сезимине сиңе баштайт. Германияда дээрлик ар бир үй-бүлөдө балдардын ар биринде майда тыйын чогултчу кутуча же money box болот экен. Ошентип немистер кичинекей кезинен майда тыйын чогултуп, жарым жыл, бир жылда чогулган акчага өздөрүнө керектүү чоңураак оюнчук алып, же аттракцион парктарга барып, өзүн каржылаганды үйрөнө баштайт.

Бала кезден үйрөнгөн бул адат немистерде өмүр бою сакталып калат. Анткени алар чоңойгондо банктан атайын аманат эсеп ачып, ал жакка ай сайын кирешесинин кайсы бир бөлүгүн салып турат. Ошондуктан немистерде карызга акча суроо деген түшүнүк жокко эсе. Себеби, алар өздөрүнүн финансылык абалына өзгөчө көңүл буруп, аяр мамиле жасап, алдын ала кошумча акча чогултуп койот.

Күнүмдүк жашоодогу үнөм

Немистердин үйүндө жарык эч качан күйгөн бойдон калбайт. Айрыкча түн ортосунда. Буларда электр лампалары эчак эле энергияны аз короткон жана сенсордук, же сезимтал лампаларга алмашканына карабастан, керексиз учурда бардык лампалар тезинен өчүрүлөт. Андан сырткары ашканада суу агып турган чоргого идиш жуулбайт, алар сууну жуумага (раковина) толтуруп алып, ошол жерден идишин жууп алышат. Ага кошумча бул жакта идиш жуучу үнөмдүү автоматтар пайдаланылат. Буларда кир жуугуч машиналар “бош” эле айлана бербейт, качан гана ичине кир кийимдер толгондо гана иштетилет.

Электр тогун үнөмдөө үчүн ноутбуктун батарейкасы толгондо токтон жулуп коюу, музыканы акырын кылып угуу, басс үн чыгаргычтарды колдонбоо, сүт куюучу кагаз баштыктарды жана тиш жуугуч пасталарды акыркы тамчысына чейин колдонуу немистер үчүн кадимки көрүнүш.

Немисче шоппинг 

Германиядагы жайма базар же “фломаркет”.Германиядагы жайма базар же “фломаркет”.

Шоппингди немистер sonderpreis (өзгөчө баа) же angebot (арзандатылган баа) деген сөздөр менен айкалыштырат. Анткени алар күнүмдүк жашоого керектүү буюм жана кийимди көбүнчө арзандатылган же сатып түгөтүү акциялардан алат. Алар дайыма ошондой акцияларды издеп таап, кайсы дүкөндө эмне акция болорун жатка билишет.

Андан сырткары Германияда “фломаркет” аттуу колдонулган буюм жана кийим-кеч саткан чоң базарлар ай сайын, же жыл сайын уюштурулуп турат. Ал жактан колдонулган сапаттуу буюмдарды арзан баага сатып алса болот. Муну менен немистер акчасын да үнөмдөйт жана бир буюмдун колдонуу убактысын узартып, экологияга да пайда келтирет. Мен өзүм да азыр колдонуп жүргөн элесепетимди “фломаркеттен” алгам.

Үнөмдү үйрөнсө болот

Немистердин сарамжалдуулукка кылдат мамиле кылганын бул жактагы финансылык кеңешчилердин (үнөмдөө боюнча адистердин) көптүгүнөн билсе болот. Бул адистерге кайрылсаңыз сиздин чыгымдарыңызга анализ жасап, пайдасы жок коротууларды бир канча кыскартып, ай сайын алган кирешеңизди сарамжалдуу, үнөмдүү пайдаланып, керектүү жакка коротконго усулдук сунуштарын берет. Буга кошумча атайын кантип тигил же бул тармакта акчаны үнөмдөп алса болот деген сыяктуу теле берүүлөр бат-баттан акчаны үнөмдөө жолдорун көрсөтүп турат.

Үнөмдөө боюнча кеңешчилер ашыкча чыгымдарды кыскартканга жардам берет.

Үнөм – бул философия

Сарамжалдуулук бул немистерге гана таандык эмес. Европада жашаган башка элдер да акчага, ашыкча чыгымдарга аяр мамиле жасашат.

Баатыр Алымкулов велосипеди менен.Баатыр Алымкулов велосипеди менен.

Бирок немистердин сарамжалдуулугу өзгөчө, анткени бул немистерде философиялык мааниге ээ. Азыркы философиянын жаратуучуларынын бири, немис философу Иммануил Канттын мындай деп айтканы бар “бүт нерсеге болгон сарамжалдуулук – бул жакшылыкты көздөгөн адамдардын акылмандыгы”. Мындан сырткары Европадагы чиркөө рефомасынын баштоочусу, немис Мартин Лютер “үнөмдөлгөн тыйын сурап алган тыйындан тазараак” деп айткан экен.

Башкача айтканда, немистер үчүн сарамжалдуулук бул экономикалык эсептен жана акылмандуулуктан сырткары, акыйкаттуулук жана чынчылдык болуп эсептелет.

Сарамжалдуу болуу сараң дегенди билдирбейт

Биздин коомдо акчаны үнөмдөө же сарамжалдуулук жакырчылык, чектелген жашоо же сараңдык менен байланыштырылат. Ошон үчүн немистердин үнөмдүү жашоосу сырттан караганда сараң, бир келген жашоодон рахат албай эле тырышып, чектелген жашоодой көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул чоң жаңылыштык.

Немис эли сарамжал болгону менен жашоодон рахат алып, өздөрүнө керектүү жана пайдалуу нерседен эч качан чектебейт. Болгону булар ашыкча, кереги жок чыгымдардан алыстап, үнөмдөлгөн акчаны саякат, хобби сыяктуу керектүү жана пайдалуу жакка жумшаганды жаш кезинен үйрөнөт. Өмүр бою акча чогултуп, жашы улгайып калганда жаш кезиндеги кыялын ишке ашырып, кымбат автоунаа айдап, же Жер шарын түрө кыдырып, саякаттап, жашоодон рахат алгандар да четтен чыгат.

Баатыр Алымкулов, Германия, “Азаттык”