Орусиялык адис Александр Крестинин футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда КРнын футбол боюнча федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.

Крестинин менен КР Федерациясынын ортосундагы келишимге бүгүн, 21-октябрда кол коюлуп, ал 3 жылга түзүлдү.

Крестинин кыргызстандык футболдо тажрыйбасы бар: ал Кочкор-Атанын «Нефтчи» футболдук клубунда ойногон, кийин анын башкы машыктыруучусу да болгон.

Жаңы машыктыруучунун башкы максаты – улуттук кураманын оюн сапатын жакшыртуу, оюнчулардын жаңы муунун кароо, жана албетте, Кытайдын командасы менен алдыда боло турчу жолдоштук эки беттешке жакшы даярдануу.

Буга чейин КРнын улуттук курамасын орусиялык адис Сергей Дворянков жетектеген, ал ушул жылдын май айынын соңунда келишими бүткөн жана Мальдив аралдарында өткөн АФКнын чакырык кубогунун финалдык бөлүгүнөн кийин кызматынан кеткен.

Андан кийин башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу болуп Мирлан Эшенов дайындалган.

Учурда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде 151-орунда.

Булак: Баракелде