Назира Токонова, ырчы:“Кантип чачымды алдыртмак элем?”
Азил-чыны аралаш суроолордун үзүмү менен арзуу ырларын созолонтуп аткарган назик кыз Назира Токоновага собол узаттык.
-Паспортуӊа түшкөн сүрөтүӊ өзүӊө жагабы?
-Жок. Мага жага бербейт (күлүп). Тимеле мотурая карап түшүп калгам да.
-Чарчоонун чаӊкоосун кантип жазасыӊ?
-Уктайм деп койбоймунбу?… Жок, жаратылышка чыгып эс алам.
-Кайсы ичимдикти каалап ичесиӊ?
-“Пепси”, “Кока-кола”, “Фанта” суусундугун кангыча ичем.
-Ал эми алкоголдук ичимдикти качан акыркы жолу ичтиӊ?
-Иче элекмин.
-Качан ыйладыӊ?
-Ыйлаган жокмун, акыркы ыйлаганым эсимде жок экен.
– Карьераӊ үчүн чачыӊды кырдыртып сал деген сунуш кылынса эмне кылмаксыӊ?
– Жок ай, кантип чачымды алдыртам. Элестеттим, Назира чачы жок жүргөнүн. Кудай сактасын, андай болбой эле койсунчу.
-Пара сунуштап көргөнсүӊбү?
-Жок.
– Сени мырзалар бат тил табышат дешет, ошондойбу?
-Ооба, негедир мырзалар менен ылдам тил табышкандыгым анык. Бирок, ошол эле кезде айымдар менен да сүйлөшө алам да.
-Эл кол чаппай койсо кандай абалда болосуӊ, абалдан кантип чыгасыӊ?
– Албетте, ыӊгайсыз абалда калам. Мурун, ыйлагым да келип кетчү. Азыр андай эмес деп айта алам. Күлүп абалдан чыгууга аракет кылам.
-Кайсы сапатыӊ сенин жашооӊо, ийгилигиӊе терс таасирин тийгизип келет?
-Ак көӊүлдүгүм жана ишенчээктигим го.
-Калп айтасыӊбы?
-Кудай сактасын. Бирок кээде, кээде гана болуп калышы мүмкүн.
-Эртеӊ менен турсаӊ эле эркек болуп калсаӊ эмне кылмаксыӊ?
– Ха, ха,ха. Ээ, андай болбой эле койсунчу.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы
Комментарий кошуу