кредит1

Бүгүн, 13-февралда “Насыялык саясат: көйгөйлөр жана анын чечилиш жолдору” боюнча коомдук угуу болду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Нуркамил Мадалиев, Улукбек Кочкоров жана Майрамкан Кадырбекова, Улуттук банктын өкүлү Лада Орозбаева жана Насыя алуучулардын укугун коргоо уюмунун төрагалары Кубат Токсобаев, Акылай Тыныкеева, облустардан келген насыя алуучулар жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Депутат Айнуру Алтыбаева баштаган депутаттар шайлоочулар менен жолугушууларда насыя алуучулардын көйгөйү көтөрүлгөнүн, андан улам айрым жарандык уюмдар менен элдин мындай маселесин чечүүгө бүгүнкүдөй аянтча түзүп берип жаткандыгын билдирди.

Талкууда насыя алуучулар банк жөнүндө мыйзамдар бир тараптуу болуп, элдин укуктарынан банктын укуктары жогорулугунан насыя алуучулар кыйын абалга туштугуп жаткандыктарын тизмектешти. Айтымдарында, “Мөлбулак” “Байтүшүм”, “Компаньон”, “Финка” сындуу айрым микронасыялык компаниялар насыяны төлөй албай калган учурларда ар кандай коркутуу, кыйноолорго чейин барып жатышкандыктарына конкреттүү мисалдарды келтиришти. Ошону менен катар банктар номиналдык пайызды эле көрсөтүшүп, төлөөргө келгенде соңку пайыз менен төлөөнү талап кылып, натыйжада каржылык сабаттуулугу жок эл карызга батып, аны төлөө үчүн башка банктардан насыя алууга мажбур болуп жатышат. Ал эми башка банктарда болсо мурда насыя алгандыгын билип туруп, акчага зар болуп жаткандарга кайра насыя сунуштап келишет. Мындай абалдан чыгуунун жолу катары Насыя алуучулардын укугун коргоо уюмунун төрагасы Кубат Токсобаев “Жеке жактардын банкротчулугу жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алып берүүнү сунуштап, микронасыялык компаниялардын жабылышын насыя алуучулардын атынан талап кылды.

Коомдук талкууда “Укуктук мейкиндик” коомдук фонду тарабынан насыя, насыя алуучулар боюнча жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары айтылды. 1050 адам (насыя алуучулар) катышкан сурамжылоодо алардын көпчүлүгүндө 2 же андан ашык микрокомпаниядан насыя алгандар, алардын 5% эле насыялык келишим менен таанышып, 95% таанышпагандыгы, насыя төлөөдө көпчүлүгү башка компаниялардан насыя алып же акыркы мүлкүн сатып, насыясынан кутулгандыгы белгилүү болду. Насыя алуучулардын койгон дагы бир дооматы форс-мажордук абалдар (аргасыз жагдайлар) микронасыялык компаниялар тарабынан эске алынбастыгы болду. Ошентип, насыя алгандардын айтуусунда микронасыялык компаниялар элди жакырчылыктан чыгарбай эле, жакырчылыкка батырып жаткандыгын белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө түзүлгөн мындай кырдаалдан чыгуунун жолдору катары айыл өкмөт башчылары насыя алуучулардын алган каражатты төлөп же төлөй албастыгы боюнча пикирин эске алууну, насыя берүү боюнча жарнактарда акыркы пайыздык ставкасын көрсөтүүсүн, эл аралык тажрыйбаларга ылайык, форс-мажордук абалды мамлекеттик бир орган тарабынан белгиленүүсү, бир эле учурда 2-3 банктан насыя алууну ооздуктоо, Улуттук банк тарабынан финансылык сабаттуулукту жайылтуу сындуу сунуштар айтылды.

Соңунда депутат А.Алтыбаева коомдук талкууда айтылган сунуш-пикирлерди иликтеп, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну, Улуттук банкка микронасыялык компаниялардын ишине тыкыр мониторинг жүргүзүү, аларда мыйзам бузуу, алдамчылык менен иш алпарган кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо боюнча тапшырмалар берилди.

Коомду угуу Жогорку Кеңештин депутаттары менен Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.