нарын

Нарын облустук өкүлчүлүк билдирген маалымат боюнча өткөн жылдын тогуз айында жарандардын миграциялык агымы мурунку жылга салыштырганда бирдей деңгээлде кала берген. Же болбосо ушул убакта облуска 1979 адам келсе, алардын алтоо чет өлкөлөрдөн, 1319 адам облустардан келгендер болуп саналат. Калган адамдар облус ичинде көчүп конууга дуушарлангандар. Ал эми 3276 жаран облус чегинен сырткары кетишкен. Алардын 2574ү башка облустардан конуш алышса, 48 жаран Кыргызстандан сырткары чет мамлекеттерге аттанышкан. Ошол эле учурда Орусия Федерациясынын кара тизмесине 10 жаран кабылгандыгы айкындалган.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу