Нарын калпак күнү

  3-март күнү Нарын шаарында Мамлекеттик Туунун жана улуттук башкы баш кийим Ак Калпак күнү белгиленди. Саат 11ге карата борбордук аянтты карай шаардын күн чыгыш жана батыш тарабынан Ак калпак кийген негизинен өңчөй окуучулар жана жаштар басып келишти. Аянтка топтолгондорду Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев куттуктады. Андан соң жаштардын атынан Улан Мадиев, коомчулуктун атынан шаардагы №9-орто мектептин деректири Аида Керимбаева кыскача куттук айтып сөз сүйлөштү.

Жергиликтүү маданият кызматкерлер жана окуучулар тарабынан бир аз концерт берилип, ошону менен маанилүү күнгө арналган азем соңуна чыкты. Ал эми облустук өкүлчүлүктөн жана аянтка имараты жанаша турган Нарын райондук акимчилигинен бир да өкүл чыгып сөз сүйлөшкөн жок.

 Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу