OLYMPUS DIGITAL CAMERA OLYMPUS DIGITAL CAMERA OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Карагай-Булак деген кыштоосунда тиричилик кылган Азамат Жунушов менен Тынчтык Токтоналиев аттуу 29-30 жаштагы жигиттердин ургаачы карышкырды 25-февраль күнү капканга кармашкандыгы белгилүү болду. Алар карышкырды 26-февралда Нарын шаарына алып келишкен экен.

-Биз жалпысы 12 жерге капкан салганбыз. Бир жума мурда бир дөбөт карышкыр капканга түшкөн. Бирок аны тирүү кармай албагандыктан өлтүрүп, райондон 5 миң сом сыйлыгын алганбыз. Эми Бак-Четин деген жерден ушул карышкырды алдык. Биздин эсеп боюнча кыштообуздун айланасында дагы 5 карышкыр бар. Күндөп-түндөп аракеттенип аларды дагы кармасак дейбиз. Себеби ошол кыштоодо жалпысы 6 түтүн жашап жатабыз жана бизден эле ноябрь айынан бери 15 чоң бээни, 5 байталды жана 1 атты карышкырлар жеп кетти,-деп билдиришти элеттик эр жигиттер Азамат жана Тынчтык.

Бирок алар бул жолу куру кол кетишүүдө экен.

-Карышкырга сыйлык береби деп келсек, акча жок, болгондо беребиз деп коюшту. Ошон үчүн кайра алып кеткенге аргасыз болуудабыз. Алуучулар болсо тирүүлөй сатат элек,-дешет алар.

(Сүрөттө: Жерге Тал а.ө башчысы Шекер Жумабекова жана Азамат Жунушов)

 Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу